А. Атамбаев Манчестердеги терактка байланыштуу Тереза Мэйге көңүл айтты

Президент Алмазбек Атамбаев Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэйге Манчестердеги терактка байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчынын көңүл айтуу катында, президент Манчестердеги көптөгөн адам өмүрүн алган кайгылуу окуяны терең кайгыруу менен кабыл алганы, Кыргыз Республикасы эл аралык коопсуздукка жана жарандардын тынчтыгына коркунуч туудурган экстремизм жана терроризмдин ар кандай түрүн чечкиндүү түрдө айыптай турганы айтылат.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз элинин жана жеке өзүнүн атынан курман болгондордун туугандарына жана жакындарына, бүтүндөй Британия элине терең көңүл айтып, жабыркагандарга тезинен сакайып кетүүнү каалады.