Пятница, 26 апреля, 2024
16.1 C
Бишкек

Түркиянын Стамбулунда чыккан өрт 29 адамдын өмүрүн алды

Түркиянын Стамбулунда чыккан өрт 29 адамдын өмүрүн алды. Өрттөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Өрт шаардын Бешикташ районундагы 16 кабаттуу имараттын биринчи кабатындагы түнкү клубдан чыккан. Ал жерде оңдоо иштери жүрүп жатканы, кардарлар үчүн жабык болгонун TRT Haber кабарлады.

Бул боюнча иликтөө башталып, 8 адам кармалды. Азырынча кырсыктын себеби аныктала элек.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар