Пятница, 26 апреля, 2024
13.1 C
Бишкек

Тил корпусу түзүлөт

19-мартта Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин катышуусунда Министрлер Кабинетинин тил корпусун түзүү боюнча тапшырмасына ылайык кеңешме-жыйын өткөрүлдү.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан тил корпусу жана комиссиянын мүчөлүгүнө 6 адамдан турган топ түзүлөөрү айтылды.

Жыйынга Санарип министрлиги, Улуттук Илимдер Академиясы, Архив кызматы, ЖОЖдордун, массалык маалымат каражаттары, китепканалар, басмаканала, IT тармагынын өкүлдөрү катышып, жыйындын жүрүшүндө тил корпусун түзүү ишинин механизмдерин камтуу менен жобосун иштеп чыгуу маселеси каралды.

ЖООП КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, комментарий жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

АКЫРКЫ САН

КӨП ОКУЛГАНДАР

акыркы макалалар