Жумагулов жөнүндө сөз болгондо «улуу» деген эпитет ойго келет, бирок мен мындай кадамдан баш тарттым, анткени азыркы адаттан тыш мезгилде бул сөз эби келсе да, келбесе да колдонулуп, адатка айланды. Мындан анын инсандык масштабы төмөн түшпөйт. Анткени, ал кайсы гана болбосун координаттар системасында: XX кылымдын кыргыз улуттук, советтик жана постсоветтик тарыхында чыныгы тарыхый инсан болуп саналат.
Элестүү айтканда ал табиятынан сыртынан жөнөкөй, үн катпаган, бирок темирдей эрктүү, чоң саясатта туруктуу кадыр-барктуу адам экендигине күбө болуп жүрөбүз. Менин оюмча, орус-кыргыз тарыхында өз өлкөсүнүн өкмөт башчылыгына үч жолу көтөрүлгөн мындай адам жок. Ага мамлекеттик бийликтин аткаруу вертикалынын эң жогорку чегине чыгуу үчүн КГБнын болоттой катуу элегинен, КПССтин партаппаратынын кылдат текшерүүсүнөн жана сыноосунан, өзүнүн эле кесиптештеринин, досторунун жана туугандарынын көрө албастыгынан жана бут тосууларынан өтүүгө туура келген. Ошентип ал андан өттү. Мында биринчиден, анын үй-бүлөсүнүн өзгөчө пролетардык, советтик теги, атасынын совет бийлигине чындап жан үрөп кызмат өтөөсү өз ролун ойноду, ал Улуу Ата Мекендик согуштун алгачкы күндөрүнөн тартып Берлинге чейин мина-жоокери болуп, андан кийин жапон согушунан өтүп, 1945-жылы ноябрда гана үйүнө кайткан.
Үй-бүлөдө – беш бала, оорулуу эне, жардылык жана кедейлик. Апас албетте өзүнүн муундагы өзгөчө чыңалуунун негизги фактору болгон аскердик катаал балалыктын бардык «ырахаттарын» толук башынан өткөргөн.
Экинчиси – москвалык жогорку билими. Ал Москва мунай институтунун геология факультетин артыкчылык менен аяктаган.
Үчүнчүдөн, кесиптик жана интеллектуалдык жөндөмдүүлүгү, кажыбас жана талыкпас эмгеги. Апас Жумагуловичтин эмгекчилдиги да өзгөчө, бул жөнүндө легенда кокусунан айтылып калган эмес. Ал 14 жыл түздөн-түз өндүрүштө иштеп, инженердик, жетекчилик иштин бардык тепкичтерин басып өтүп, «Кыргызнефтегаз» бирикмесинин башкы инженерине чейин жеткен.
Бул жерде иштеп, ал советтик экономикалык системанын бардык кемчиликтерин жана кемтиктерин көрүп, ишканалардын ийгилигин башкы көрсөткүчтөрү дүң продукциянын сапаты эмес, көлөмү экендигин көрө алган. Анын кумири улуу сталиндик эл комиссариатынын бири, көп жылдар бою СССР Министрлер Советинин Төрагасы болуп иштеген, 1965-жылдагы экономикалык реформанын автору Алексей Николаевич Косыгин болгон. Административдик-командалык система А.Н. Косыгиндин экономикалык реформаларды аягына чыгаруусуна мүмкүндүк берген эмес, бирок ошентсе да анын коомдук аң-сезимдин түбүнө себилген рыноктук ойлору кийин толук жетилди.
Ошондон бери Жумагулов экономиканы башкарууда тынымсыз жаңы, натыйжалуу иштерди издеп, бийликтин күнүмдүк иштерине сын көз караш менен мамиле жасап келет. Бирок эң негизги анын бактысы, ал түздөн-түз чыныгы новатор жана социалисттик экономиканын ийгиликтүү башкаруучусу Т. Усубалиевдин колуна түшкөн жылдар болуп саналат. 1974-жылы Кыргызстан Компартиясынын БК аппаратына өнөр жай-транспорт бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалып, ал жерде 6 жыл иштеген, андан соң Борбордук Комитеттин катчысы болуп шайланган жана башкаруучу номенклатуранын жогорку огу менен анын «айлануусу» башталат – Ысык-Көл обком партиясынын биринчи катчысы, эң аягында Кыргызстан Министрлер Советинин төрагасы болгон, бул анын саясий карьерасынын үч жолку «алтын таажысы» болуп калды.
А.Жумагулов – борборлоштурулган пландуу экономиканын жакшы жана жаман жактарынын айырмачылыктарын кылдат, сезимталдык менен түшүнгөн жана аларды конкреттүү практикада колдоно алган ошол кездеги сейрек жетекчилердин бири. Тактап айтканда, кайсы чынжыр менен бардыгын чечүүгө мүмкүн экендигин түшүнүү аркылуу чарбалык- экономикалык көйгөйлөрдүн көп муундуу чынжырында башкы, чечүүчү звенону тандап алуунун лениндик өнөрүн өздөштүргөн жана колдоно билген.
Согуштан кийинки модернизация иш жүзүндө 1955-жылы башталып, болжол менен 1975-жылга чейин созулган, А. Жумагуловдун партиянын Борбордук Комитетинде иши дал ушул мезгилге туура келет.
Дал ошол жылдары Кыргызстанда үч кечиктирилгис маселени бир убакта чечүү керек болчу: а) ошол кезде элдин өтө төмөн жашоо деңгээлин жогорулатуу; б) экономиканын тездетилген модернизациясы; в) жалпы окутуу, маданий революция;
Бул үчүн кырдаалды сапаттуу түрдө өзгөртүү, жакынкы жана алыскы келечекте республиканын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлин мындан ары кескин жогорулатууга жетишүүсү керек болчу. Бул максатта 70-80-жылдары алдыдагы үч беш жылдыкка, 1991-2005-жылдарга республиканын экономикасын өндүрүүнүн келечектүү пландары иштелип чыккан, А. Жумагуловдун жетекчилиги менен иштелип чыккан бул пландар адистердин жана окумуштуу-экономисттердин катышуусу менен союздук Мамлекеттик планда апробацияланган.
Мында 1991-2005-жылдары улуттук кирешенин өндүрүшүн 2,6 эсеге, коомдук дүң продукцияны 2,3 эсеге, өнөр жайдын дүң продукциясын 2,5 эсеге, айыл чарбасын 1,6 эсеге көбөйтүү пландалган. Бул пландарды энергетикалык базада тез өнүктүрүү, эл чарбасын кеңири электрлештирүү тандалып алынган. Албетте бул жерде башкы ресурс – улуу Нарын дарыясы, кыргыз жеринин кен байлыктары жана Кыргызстандын көп улуттуу эли болгон.
Жыйынтыгында Үч-Коргон, Ат-Башы, Токтогул, Күрпсай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай ГЭСтери курулуп, электр энергиясы иштелип чыкты. Жаңы муунга маалымат үчүн: аталган гидроэнергетикалык түйүндөрдү курууга союздун бюджетинен бөлүнгөн дээрлик 900 млн. рублдин суммардык чыгымдары ошол жылдары эле өзүн-өзү актаган. Мындан тышкары, союздук борбор 1986-жылдын башында аталган гидро-электростанцияларды пайдалануудан 386 млн. рубль (ошол жылдардын баасында) таза кирешени СССРдин Энергетика министрлиги аркылуу алган. Бул станциялар Бириккен Орто Азиялык энергетика системасын курууга мүмкүндүк берди. Токтогул гидротүйүнүнүн таза жыйынды продукциясы боюнча экономикалык натыйжа (1983-жылдагы баалоо боюнча) жылына 900 млрд. рублди түзгөн.
Ысык-Көл – Чүй аймактык-өндүрүштүк комплексин түзүү боюнча Усубалиев – Жумагуловдун командасынын фантазиясы таң калтырат. Бул болуп көрбөгөндөй ири долбоор дүйнөдө теңдешсиз эле жана Египеттеги Асуан же Россиядагы Батыш-Сибирь сыяктуу комплекстер менен атаандаша алмак. Ал эми бул долбоорду долбоорлук-программалык ишке ашыруу союздун борборунун бардык коридорлору жана жогорку кабинеттери аркылуу ушунчалык драмалуу жана чеберчилик менен жүргүзүлгөнүнө таң бересин.
Апас Жумагулов өзүнүн «Ордуна эмне берилди» аттуу китебинде бул процессти кеңири баяндайт: «Ысык-Көл – Чүй аймактык-өндүрүштүк комплексин түзүү идеясы алгач кантип пайда болгон? Эгер кимдир бирөө бул идея катары пайда болду деп айтса же жазса, ишенбегиле, андай болгон эмес. Долбоор акырындык менен кадам сайын, кээ бир ири көйгөйлөрдү чечүү жолдорун бириктирүү менен жүрүп отурду. Алардын бири Ысык-Көлдү толтуруу башкы проблема болгон (долбоордун өзөгү). Зор иштердин натыйжасында республиканын жетекчилиги союздук бюрократияны бул көйгөйгө бурууга жетишти. Москвадагы комиссиялар, окумуштуулар, адистер Бишкекте биз менен биргеликте тыгыз иштей баштады. Көйгөйдү чечүү үчүн СССР Илимдер академиясы кошулду. Академиянын президенти А.П. Александров жана Т. Усубалиев КПСС БКнын башкы катчысы Л.И. Брежневге биргелешкен кат менен кайрылган, бул КПСС БКнын Катчылыгында каралып, андан кийин ал жактан тиешелүү органдарга көрсөтмөлөр келип тушкөн. Мамлекеттик план чечими кабыл алынып, кызыл сызык менен СССРдин акыркы беш жылдык планына киргизилген. Тилекке каршы Советтер Союзу кулагандан кийин Ысык-Көл – Чүй аймактык-өндүрүштүк комплексин түзүү, анын ичинде Сары-Жаз дарыясынын ресурстарын өздөштүрүү боюнча бардык иштер токтоп калган”.
А.Жумагулов Кыргызстандын алтын казуу өнөр жайынын башында турган. Ал кен чыккан жерлерде издөө-чалгындоо иштерин тездетүү, «Макмал» алтын комбинатынын жайгашкан жерин тандоо (заводду жана поселокту дээрлик Казарман айылына көчүрүү), издөө-чалгындоо иштерин аяктоо, Талдыбулактын, Кумтөрдүн, Жерүйдүн сол жээгин долбоорлоо, республиканын алтын казып алуу өнөр жайынын тунгучу – «Макмалалтын» комбинатын куруу жана пайдаланууга берүү боюнча иштерди жетектеген.
Дүйнөгө атагы чыккан, азыркы убакта Кыргызстандын экономикасынын «алтын жумурткасын» тууп жаткан Кумтөрдөгү алтын өндүрүүчү ишкананын атасы дал ушул Апас Жумагулович болуп саналат. Өзүнүн «Премьер-министр» деген китебинде бул чечимди Советтер Союзунун акыркы премьери Н. И.Рыжковдун кабинетинде орто машина куруунун министри Е.А. Славскийдин, геология министри Е.А. Козловскийдин катышуусу менен кабыл алган драма так көрсөтүлгөн, ошол күндөрү СССРдин өкмөтүнүн алдына Кыргызстанда алтын кенин жеткире чалгындоо жөнүндө маселени койгон жана маселе жактырылган. Н.И. Рыжков бул боюнча мындай деп жазган: «Ал республикада алтын чалгындоо маселесин жеткире койгон жана мен анын демилгесине карай жүрүш жасадым».
Кыргыз мамлекети өзүнүн көз карандысыз жашоосун сырттан таңууланган либертариалдык экономикалык реформалар методдору менен баштаган. Россия жана коңшу постсоветтик өлкөлөрдөй эле, учурдагы чарбалык механизмдин бузулушу менен катар бааларды кескин либералдаштыруу, менчиктештирүү жүргүзүлгөн. Өлкөнүн экономикасынын ачылышы бир убакта болуп өттү: ички рынок эң катуу дүйнөлүк атаандаштыктын алдында кенен ачылды. Өндүрүш азайып, жумушсуздук, жакырчылык жана кедейчилик күчөдү.
Ушул жылдар аралыгында премьер-министрдин кызматын укмуштуудай жөндөмдөрү, дымагы бар улуттук элитанын 30га жакын жаш өкүлдөрү ээледи. Ошондой эле кырдаалды туура багытка чукул буруу үчүн алардын чын ыкластуу умтулуулары ийгиликсиз болуп калды. Анткени бул курс бизге социализмден капитализмге өтүүнүн эң жапайы, жырткыч түрүндөгү объективдүү тарыхый мыйзам ченемдүүлүгү менен таңууланган. «Сыныктын дарысы жок» деп айтылгандай. Батыш глобализминин саясаты гегемонияга умтулуп, улуттук мамлекеттердин жана алардын экономикаларынын деградациясы үчүн ачык күрөшкөн.
Бул жерде Жумагулов да четте калган эмес. Келечек бүдөмүк болгон 90-жылдары ал премьер-министр кызматына эки жолу келген, бирок Сары-Жаз комплексинин же энергетикалык программанын түрүнүн жок дегенде бирин да көрсөтө алган эмес. Бирок КР Министрлер Советинин төрагасы катары ишке киришип, өлкөнү башаламандыктан жана туруксуздуктан сактап калган бир катар акылман чечимдерди кабыл алган.
Биринчиси – өз ишин өткөн жылдарда өлкөнү туңгуюкка кептеген президенттин жана анын командасынын талашсыз туура эмес багытын жана бузук практикасын талдоо менен баштаган эмес. Ал өзүнүн сүйлөгөн сөздөрүнүн биринде да болгон окуяда күнөөлүү адамдардын фамилияларын атаган эмес.
Экинчиси – «мурда жакшы эле» деп айткандардын жана ага ишенгендердин саны көбөйгөнүнө карабастан, «жаркын өткөн чакка» кантип кайтуу керектигин түшүндүргөн чечимдерди кабыл албоо керек болчу.
Үчүнчүсү – бүтүндөй коомду, мамлекетти, адамдарды талап-тоноого, өндүрүштү кайра уюштурууга жана анын төмөндөшүнө алып келген менчиктештирүүнү жүргүзүү айкын терс, кай бири кылмыштуу мүнөзгө ээ болгонуна карабастан, аны текшербестен жокко чыгарууга, менчикти жаңы массалык түрдө кайра бөлүштүрүүгө чакыруу мүмкүн эмес болчу. Бул өлкөнү канга боёп, пайда болгон орто класска сокку уруп, таза ишкерлерди бутунан чалмак.
Жумагулов ошол кездеги келечеги айкын эмес болгон бул жолдон дароо артка кайтпастан, аны реалдуу илгерилетүү үчүн, ишке ашырылып жаткан реформалардын акырында сөзсүз түрдө республиканын калкынын абалын жакшыртууга, жашоо деңгээлин көтөрүүгө, алардын кызыкчылыктарына кызмат кылуусу үчүн социалдык багыты зарыл экендигин терең түшүнгөн.
Буга кантип жетүүгө болот? Баарынан мурда мамлекеттин экономикалык ролун күчөтүүнүн эсебинен бул рыноктук процесстерди кыскартуу дегенди билдирбейт жана билдириши мүмкүн да эмес. Тескерисинче, ал мамлекет цивилизациялуу рынокко өтүүгө өбөлгө түзүүгө тийиш деп эсептеген, бул мамлекеттик кийлигишүүсүз башаламан кыймылдын натыйжасында өзүнөн-өзү пайда болгон эмес жана пайда болушу мүмкүн эмес.
А. Жумагулов бир нече доорду башынан өткөрдү: жарандык согуш жана репрессия доору, фашизм доору, кансыз согуш доору, ааламдашуу жана демократиялык программанын кыйроо доору, рыноктун сакралдашуу жана улутчулдуктун жаңы которулуу доору. Чоң саясатчыга карата талап катары ал фактыларга кыжырданбастан, калыс мамиле кылган: бирок адеп-ахлак жана идеология боюнча өзүнүн мамилесин жашырган эмес. Ал ырааттуу гуманист жана ой-жүгүртүүнүн жана абийирдин эркиндиги болуп саналат.
Жумагул СААДАНБЕКОВ, коомдук, мамлекеттик ишмер