whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.06.2025
20.4 C
Бишкек

Теректер

Кээ бирөөлөр күз мезгилин жактырышып, күтүп, жада калса сагынышат экен. Ар бир адамдын табити ар түрдүү эмеспи. Таң калыштуу ээ? А мен тескерисинче күз келгенде ыйлагым келе берчү, өзүм да түшүнбөйт элем эмнеге деп. Ошол сезимдер бала чагымдан башталган. Жаз болчу. Атам көчө тарапка, арык жээгине теректин чырпыктарын тегиз эгип койгон. Бат эле бүчүр алышып жетилишти, жалбырактары бажырайып, көчөнү көргөзбөй чыга келишти. Кийинки жылы алдыңкы жалбырактарын бутап койсо, түптүз болушуп асман тиреп көтөрүлүштү. Жалбырактары болоор болбос шамалга желбирешип, чертилген комуз күүсүн берилип угуп, бурала бийлешип жаткан кымча бел, жашыл жибек көйнөкчөн кыздардай, оңго-солго термелишкен теректер корообузга көрк берип турчу. Дагы бир жыл өткөндөн кийин баягы күлгүн курак теректер, эбегейсиз бийик өсүп, сөңгөктөрү жооноруп, көчө тараптагы кашаага дагы кошумча жоон сөңгөктүү кашаа пайда болгондой, баягы мен жакшы көргөн жалбырактар алда канча бийикте, башыңды көтөрмөйүнчө көрө албаган чо-оң теректерге айланды. Ошондон баштап теректерди жактырбай баштадым, айрыкча күз мезгили саргайган жалбырактары шамалга шуудурашса ичимде кандайдыр бир муң пайда болуп, маанайым түшчү болду. Айрыкча күбүлүп түшкөн жалбырактарын көргөндө кадимкидей ыйлагым келчү. Үйдүн алдына чейин учуп келген жалбырактарды шыпырып атып, атама, «Ушул теректер күйгүзүштү», – дегеним эсимде.

Кийин окууну бүтүп айылга барсам баягы теректердин баары жок. Көргөндө эле сүйүнүп кеттим. Эрте мененки күндүн нурун тосуп, жалбырактары шуудурашып ыйлагыңды келтирген, телмирген теректер кыйылган. «Эх! Кандай сонун!» – деп таза абадан кере-кере дем алып, бир тегеренип каткырып күлүп алдым. Дарактар да кубат алуучу, кубат берүүчү болуп бөлүнүшөт турбайбы көрсө. Терек – кубат алуучу дарактарга кирет экен. Ал жөнүндө кийин билдим. Ошондуктан теректи жашаган үйдүн жанына эмес, четирээк, алысыраак жакка эгүү туура экен. Табитти да багыттаса боло тургандыгын өзүмдөн билдим. Азыр күз келгенде балалык кездегидей ыйлагым келбейт. Анткени кубатты кайдан алуунун жолун да билем. Үйүбүздүн артындагы токойдо жолдошум экөөбүз басабыз, асман тиреген карагайларды кучактап кадимкидей күч кубат алабыз. Себеби, карагай кубат берүүчү дарак. Жакшы жазылган чыгармаларды, ырларды окуп, жаратылыштын кооздугунан, мыкты тартылган сүрөттөрдү көрүп кубат алам. Сизге да күч кубат каалайм. Аягына чейин окуп чыктыңызбы? Эми сиз кубаттуусуз!

 Нуржамал ОСМОНКУЛОВА, Москва

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар