whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
11.07.2025
27.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСадыр Жапаров Индиядагы учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Садыр Жапаров Индиядагы учак кырсыгына байланыштуу көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге Ахмедабад шаарында жүргүнчү ташыган учактын кыйрашына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Индия Республикасынын Ахмедабад шаарындагы авиакырсыктан улам адамдардын курман болгондугу тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына кайгыруу мененкөңүл айтып аза кайгысын тең бөлүшөм.

Жабыр тарткан жана жаракат алган адамдардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, — деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Окуяны эске салсак, Reuters агенттигинин маалыматына караганда, кырсыктан каза болгондордун жалпы саны 290дон ашты. Жабырлануучулардын арасында учак кулаган жатаканада жашаган медициналык факультеттин студенттери да бар.

Учак Ахмедабаддан Лондонго AI171 рейсин аткарып жаткан. Экипаж учуп чыккандан кийин дароо кырсык сигналын берген. Боинг турак жайлардын үстүнө кулап түшкөн. Учакта 242 адам болгон. Алардын арасында Индиянын 169 жараны, 53 британиялык, 7 португалиялык жана 1 канадалык болгон.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар