whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.07.2025
22.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомСадыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин кабыл алды

Садыр Жапаров ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров 30-июнда Чолпон-Ата шаарында Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлерин кабыл алды.

Жолугушууга ЖККУга мүчө мамлекеттердин ТИМ башчылары: Беларусь Республикасы  — Максим Рыженков, Казакстан Республикасы — Мурат Нуртлеу, Кыргыз Республикасы — Жээнбек Кулубаев, Россия Федерациясы — Сергей Лавров, Тажикстан Республикасы —  Мухриддин Сироджиддин жана ЖККУнун Башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов катышты.

Уюмдун ичиндеги кызматташтыкты кеңейтүү, ошондой эле эл аралык чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу маселелеринде эл аралык түзүмдөр менен өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселелери боюнча пикир алмашылды.

Мамлекет башчысы Кыргызстан ЖККУдагы төрагалыкты чоң жоопкерчилик жана аймактагы кызматташтыкты жана коопсуздукту мындан ары чыңдоого салым кошуу мүмкүнчүлүгү катары кабыл аларын баса белгиледи.

Ал эл аралык терроризм, трансулуттук кылмыштуулук, экстремисттик идеологиянын жайылышы, кибер коркунучтар жана эгемен мамлекеттердин ички иштерине тышкы кийлигишүү маселелери барган сайын актуалдуу болуп бара жатканын белгиледи. Буга байланыштуу ал мындай абал баарына олуттуу коркунуч туудурарын жана бирдиктүү жана координацияланган мамилени талап кыларын ырастады.

«Виртуалдык мейкиндик жаңы чыр-чатактардын жана коркунучтардын аренасына айланууда, ошондуктан критикалык инфраструктураны коргоо жана маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен чараларды иштеп чыгуу зарыл», — деди мамлекет башчысы.

Президент Кыргызстандын төрагалыгы жана алдыдагы иш-чаралар өнөктөштүктү бекемдөө жана жамааттык коопсуздук тутумун өнүктүрүүгө натыйжалуу мамилелерди түзүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарына ишенимин билдирди.

«Кыргызстан тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы координацияны мындан ары тереңдетүүнү, ошондой эле коргоо жана укук коргоо органдарынын өз ара аракеттенүүсүн колдойт», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Өз кезегинде тышкы иштер министрлери памлекет башчысына жылуу кабыл алгандыгы жана жолугушууну жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти. Алар азыркы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу үчүн күч-аракеттерди бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгилөө менен, Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгынын алкагындагы демилгелерин колдошту.

Көп тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, саясий диалогду кеңейтүү жана эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча позицияларды макулдашуу ЖККУга мүчө бардык мамлекеттер үчүн артыкчылыктуу милдеттерден болуп кала берери өзгөчө белгиленди.

ЖККУга мүчө мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун башчылары өз ара ишенимди бекемдөө, туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу жана аймактык жана эл аралык форматтардын алкагында демилгелерди биргелешип илгерилетүү зарылдыгына көңүл бурушту.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар