Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргыз-тажик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши жанданды

Кыргыз-тажик чек арасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши жанданды

Президент Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 8-июлда, видеобайланыш режиминде эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы Тожварон (Лахш р.) – Карамык (Ош облусу, Чоң-Алай р.) көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин жандандыруу аземине катышышты.

Иш-чара президент Садыр Жапаровдун Тажикстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлүүдө.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери өткөрүү пункттарынын ишин кайра жандандырууга толук даяр экендиктерин билдиришти.

Баяндаманы уккандан кийин президент Садыр Жапаров көзөмөл-өткөрүү жайынын ишин баштоо боюнча тескеме берип, андан соң кыргыз тарапта шлагбаумдар көтөрүлдү.

Андан кийин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Тажикстандын аймагындагы өткөрүү пунктунун ишин кайра жандандыруу боюнча буйрук берип, шлагбаумдар көтөрүлдү.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар