whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
20.03.2025
23.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоом“Кыргызалтын” 17,2 миллиард сом киреше тапты

“Кыргызалтын” 17,2 миллиард сом киреше тапты

2024-жылы “Кыргызалтын” ААКнын кирешеси 17,2 миллиард сомду түздү.

«Кыргызалтын» мындай натыйжага бөлүмдөрдүн финансылык-чарбалык ишмердүүлүгүн жакшыртуу боюнча  бардык күч-аракетин жумшоонун негизинде жетишти.

Мисалы, «Макмал Голд Компани» ЖЧКсынын филиалы 2022-жылдын аягында 200 миллион сомго жакын зыян тарткан эле. Ал эми компания тарабынан өз убагында көрүлгөн чаралардын негизинде 2024-жылы завод  400 миллион сомдон ашык киреше тапкан.

Ошондой эле 2024-жылдын сентябрында «Кыргызалтын» ААК алтын куймаларын сатуучу фирмалык дүкөну ачылып, олуттуу киреше таба баштады.

Компания 2024-жылы «100 өнөр жай ишканалары» улуттук программасынын алкагында Чүй облусунун Жайыл районунда өлчөнгөн алтын куймаларын чыгаруучу цехти ишке киргизген. Мындай цех мамлекет эгемендүүлүк алгандан бери биринчи жолу салынууда. Мындан тышкары, 2024-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Мироновское кенин иштетүүгө расмий түрдө киришкен.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар