Башкы беткеМаанилүүКыргызстан аялдардын укугун кеңейтүү боюнча ийгиликтерин БУУда билдирди

Кыргызстан аялдардын укугун кеңейтүү боюнча ийгиликтерин БУУда билдирди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшан Сабиров БУУнун 69-сессиясында Кыргызстандагы гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын кеңейтүү боюнча жетишкендиктерди билдирди.

Министрдин айтымында, Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарынын глобалдык рейтингинде 45-орунда. Өлкө өзгөчө гендердик теңчиликке басым жасап, аялдардын коомдук жана экономикалык турмушка активдүү катышуусуна шарт түзүүдө.

Кыргызстан – Эмгек уюмунун №190 Конвенциясын ратификациялаган биринчи мамлекет. Өлкөдө ишкерлердин 40% аялдар түзсө, алар үчүн атайын мамлекеттик колдоо программасы бар. Парламенттеги депутаттардын 22%, ал эми жергиликтүү кеңештердин 42% – аялдар. 2025-жылы кабыл алынган жаңы Эмгек кодекси аялдар үчүн кесиптик чектөөлөрдү алып салды.

Министр Кыргызстан аялдардын укугун коргоо боюнча реформаларды реалдуу ишке ашырып жатканын баса белгиледи.

Гезит

Мукай Элебаев Күндөлүктөн чыккан үн

Убакыт сынаган өмүр жана доор     Быйыл кыргыз жазуучусу Мукай Элебаевдин туулганына 120 жыл толот. Бүгүн ал биз менен түз сүйлөшө албайт, бирок анын ой-пикирлери,...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар