whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
24.3 C
Бишкек
Башкы беткеЖогорку кеңешПарламентте депутаттарды эки мөөнөткө гана шайлоо сунушталды

Парламентте депутаттарды эки мөөнөткө гана шайлоо сунушталды

Депутат Русланбек Жакышов Жогорку Кеңештин депутаттарын эки мөөнөткө гана шайлоону сунуштады. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-мартта парламенттин жыйынында билдирди.

Жыйынында «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу» жаңы мыйзам долбоору каралып жаткан.

Жакышов президенттер эки мөөнөткө гана шайлана аларын айтып, депутаттарды да эки мөөнөткө гана шайлоону сунуштады.

Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган депутат Улан Примов Жакышов өз сунушун жазуу түрүндө бере аларын, бул маселе көпчүлүк кесиптештердин добушу менен чечиле турганын айтты.

Эскерте кетсек, парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган депутаттар «Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштап, тиешелүү мыйзам долбоорун даярдаган.

Алар сунуштаган мыйзам долбооруна ылайык, Жогорку Кеңеште азыркыдай эле 90 депутат болот. Алар парламентке мажоритардык тутум боюнча 5 жылга шайланып келет. Ал үчүн өлкө боюнча 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округу түзүлүп, алардын ар биринен үчтөн эл өкүл шайланат. Мандат эң көп добуш алган үч талапкерге тиет.

90 мандаттын 30у аялдардын квотасына таандык. Тиешелүү округ боюнча аял талапкерлердин арасынан эң көп добуш алган аял киши депутат болуп шайланат. Ошондо парламентте кеминде 30 аял депутат болот.

Эгер депутат мандатын тапшырса же ажыратылса, кайра шайлоо өткөрүлбөйт. Анын ордуна шайланып келген округу боюнча көп добуш алган кийинки талапкер эл өкүлү болот.

Эгер айым депутат мандатын тапшырса, анын ордуна аял депутат келет.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар