Башкы беткеМаанилүүСалык төлөөчүлөр «нөлдүк» отчёт берүүдөн бошотулду

Салык төлөөчүлөр «нөлдүк» отчёт берүүдөн бошотулду

Салык кодексине киргизилген өзгөрүүлөргө ылайык, салык төлөөчүлөр «нөлдүк» көрсөткүчтөр менен отчётторду берүүдөн бошотулду. Бул тууралуу Салык кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бул өзгөртүү мурунку отчёттук мезгилдерге, анын ичинде 2025-жылдын 1-январына чейинки мезгилдерге да тиешелүү.

Ошондой эле өзгөртүү бирдиктүү салык декларациясына тиешелүү эмес. Аны мурдагыдай белгиленген тартипте тапшыруу керек.

Салык кызматы мындай чаралар салык төлөөчүлөрдүн абалын жакшыртууга жана мурда жасалган бузуулар үчүн жоопкерчиликти алып салууга багытталганын билдирди.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар