whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомКыргызстандын жаңы гимнине сынак октябрь айына чейин узартылат

Кыргызстандын жаңы гимнине сынак октябрь айына чейин узартылат

Маданият министрлиги мамлекеттик гимндин текстинин жана музыкасынын жаңы редакциясынын мыкты долбоорун тандоо боюнча комиссиянын ишин ушул жылдын 1-октябрына чейин узартууну өтүнөт.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында маданият министри Мирбек Мамбеталиев 47 адамдан турган комиссиянын курамы кайра бекитилгендигин анын курамынан өз каалоосу менен кеткендер бар экенин билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылдын февралынан 20-мартына чейин комиссияга 488 жарандан 703 долбоор келип түшкөн. 285 долбоор катталган. Бирок комиссия бардык долбоорлор мазмундук жана көркөмдүк талаптарга жооп бербейт деген бүтүм чыгарган.

Министр комиссиянын сунушу менен кайталап сынак эки этаптан тураарын билдирди. Биринчи этапта гимндин жаңы тексти тандалат; экинчи этапта бекитилген текст боюнча музыкалык чыгарма жаратууга конкурс жарыяланат.

Депутат Аида Исатбек кызы министрден кыргызстандыктар гимнди тандоого катыша турган механизм иштеп чыгууну суранды.

«47 адам 7 миллионго өз пикирин таңуулабашы керек. Комиссия тандап алган варианттарды элге бериш керек», — деди депутат.

Кошумчалай кетсек, жаңы гимн ушул жылдын 21-апрелине чейин тандалышы керек болчу.

Эске салсак, гимнди өзгөртүү идеясын былтыр парламенттин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу айтып, азыркы гимнди аткаруу кыйын болгондуктан жаңы гимнди кабыл алуу зарылдыгын билдирген. Кийин бул идеяны президент да колдогон.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар