Башкы беткеМаанилүүСадыр Жапаров тажик парламентинин төрагасы менен жолугушту

Садыр Жапаров тажик парламентинин төрагасы менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, Тажикстанга мамлекеттик сапарынын алкагында Тажикстандын Жогорку жыйынынын өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту. Бул тууралуу Президенттин администрациясы кабарлады.

Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы парламенттер аралык диалогду өнүктүрүү, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Файзали Идизода Кыргызстанга ЖККУ төрагалыгы учурунда ийгилик каалап, эки тараптуу кызматташууну бекемдөө максатында Өкүлдөр палатасында жаңы достук депутаттык тобу түзүлгөнүн маалымдады.

Садыр Жапаров Кыргызстан үчүн Тажикстан менен ынак коңшулук мамилелерди өнүктүрүү тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыты экенин белгилеп, парламенттер аралык туруктуу механизм түзүүнү сунуштады.

 

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар