Башкы беткеМаанилүүБишкекте 225 үй-бүлө ипотекалык батирге ээ болду

Бишкекте 225 үй-бүлө ипотекалык батирге ээ болду

Кечээ Бишкек шаарында президент Садыр Жапаров “Менин үйүм” мамлекеттик программасынын алкагында 225 жаранга ипотекалык батирлердин ачкычтарын тапшырды. Турак жайлар Калый Молдобасанов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу жаңы комплексте орун алган.

Аталган 15 кабаттуу үйлөрдө заманбап автономдуу жылытуу системасы, балдар аянтчасы, жана жер алдындагы унаа токтотуучу жай каралган.

Садыр Жапаров жарандарды турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттин эң башкы жана артыкчылыктуу милдеттеринин бири экенин белгиледи.

“Бүгүн биз жөн гана көп кабаттуу үйлөрдүн бүткөрүлүшүнө күбө болбостон, мамлекет жүргүзүп жаткан турак жай саясатынын иш жүзүндөгү жыйынтыктарын, үзүрүн көрүп жатабыз. Бул заманбап жана ыңгайлуу көп кабаттуу үй “Менин үйүм” программасынын алкагындагы дагы бир чоң ийгилик”, — деди президент.

“Менин үйүм” турак жай программасы жарандардын реалдуу муктаждыктарын учурунда чечүүгө багытталган механизмге айланды. Бүгүнкү күндө бул программага катышып, турак жай алуу үчүн кезекке тургандардын саны 58 миңден ашты. 10 миңден ашуун үй-бүлө үйлүү болду.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул программа аркылуу Кыргызстанда жалпысынан 70 миңге жакын батирдин курулушу башталып, алардын басымдуу бөлүгү активдүү фазада турганын белгиледи.

“Мамлекеттик ипотекалык компания алдыдагы 5 жыл ичинде муктаж болгон жарандарыбызды турак жай менен толук камсыз кылууну максат кылып жатат. Бул чоң пландар жарандардын үй-жай маселелерин чечүүгө багытталган иштин бир бөлүгү гана. Ош, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Талас, биягы Кара-Балтадан Токмокко карай үйлөрдүн салынышы кызуу жүрүүдө”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

Ал ошондой эле турак жай курулушу стратегиялык жана узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ экенин, ошондуктан мамлекет мүмкүн болушунча көп жарандар өз үйүнө ээ болушу үчүн жаңы, сапаттуу жана жеткиликтүү турак жайларды курууну улантаарын өзгөчө белгиледи.

Президент шаарлардан кийин айылдарда да турак жайлар курулуп, 25 жылга чейинки мөөнөт менен ипотекага берилерин ырастады.

Буга байланыштуу ал райондордун жана шаарлардын жетекчилерине кайрылып, аларды жеке кызыкчылыктардан жана коррупциялык көрүнүштөрдөн кайтып, бош жаткан жерлерди турак үйлөрдү куруу үчүн Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп бергиле деди.

Сөзүнүн соңунда мамлекет башчысы үй алуу үчүн 4 жыл кезекте турган Бишкек шаарынын тургуну, үч баланын энеси – Астра Асанакуновага жаңы батирдин ачкычын тапшырды.

Андан соң президент Садыр Жапаров жаңы батирлерди көрүп чыкты жана жаңы конуш ээлери менен баарлашып, аларга жаңы үйлөрү кубаныч менен бакытка бөлөнгөн үй-бүлөлүк очок болушун каалады.

 

Гезит

Не «проели», а вложили

          За каждой из этих историй стоят годы тяжелого труда вдали от дома и высокая цена разлуки. Традиция требовала от...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар