Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова Кыргызстанга иш сапары менен келген.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева россиялык кесиптеши менен бирге абактагы 19 адам менен баарлашты. Ошондой эле кош жарандыгы бар адамдарга юридикалык кеңештер берилди.
Камакка алынгандардан кармоо шарттарына даттануулар түшкөн жок, бирок айрымдары кылмыш иштери боюнча тергөөнүн жүрүшүнө нааразычылык билдиришти.
Акыйкатчылар бул жаатта кызматташууну макулдашышты.

