Барскоон – Бедел багытындагы унаа жолун куруу долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн геодезиялык жана инженердик-геологиялык изилдөөлөр толугу менен аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады.
Маалыматка ылайык, долбоор жол куруу менен гана чектелбестен, 50дөн ашуун көпүрөнү, эки тоннелди, ошондой эле коргоочу жана кошумча инженердик курулмаларды салуу каралган.
Тактап айтканда, №1 тоннель — Сөөк участогунда жайгашып, узундугу 5 340 метрди түзөт. Ал эми №2 тоннель — Ашуу-Суу аймагында болуп, анын жалпы узундугу 3 788 метрге жетет. Учурда көпүрөлөрдү куруу иштери даярдык этабында.
Курулуш тилкесинде азыркы тапта 550дөн ашуун кызматкер эмгектенүүдө. Алар бетон чыгаруучу заводдорду, майдалоо жана сорттоо комплекстерин, карьерлерди, вахталык шаарчаларды жана башка убактылуу объекттерди уюштуруу иштерин жүргүзүшүүдө.
Белгилей кетсек, Барскоон – Бедел унаа жолунун жалпы узундугу болжол менен 161 чакырымды түзөт. Долбоор 2025-жылдын 26-августунда башталган жана аны ишке ашыруу мөөнөтү орто эсеп менен 5 жылга пландалууда.
Аталган жол Ысык-Көл облусунун түштүк жээгиндеги Барскоон айылын Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы «Бедел» өткөрмө бекети менен байланыштырмакчы.