whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.02.2026
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүБыйыл "Кыргызалтын" эки өнөр жайды ишке киргизет

Быйыл «Кыргызалтын» эки өнөр жайды ишке киргизет

“Кыргызалтын” ААКы 2025-жылы эки өнөр жай объектисин өндүрүшкө киргизүүнү пландоодо. Учурда индиялык өнөктөштөр менен биргеликте Нарында Солтон Сары кенинде алтынды бөлүп чыгаруучу фабрика курулуп жатат. Ишкана ишке киргенден кийин 400дөн ашык жаңы жумушчу орун түзүлөт. 

Ошондой эле, «Кыргызалтын» ААКы Балыкчы шаарындагы автотранспорт ишканасынын филиалынын базасында транспорттук-логистикалык борбор ачууну пландаштырууда. Ал борбордо экспедициялык-транспорттук ишканалар үчүн жайлар, унааларды токтотуучу орундар, автотранспортторду оңдоочу жайлар, ошондой эле бажы, брокердик жана башка кызматтарды көрсөтүү пландаштырылууда.

Ошондой эле, өзүнүн бүткүл тарыхында «Кыргызалтын» ААК биринчи жолу кендин запастарын өз алдынча геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзө баштады. Учурда компания Баткен районундагы «Чакуш» кенинде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүдө. Бул иштерди 2025-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

 

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар