Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанга иш сапары менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушуу эки өлкөнүн негизги министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин катышуусунда кеңейтилген курамда өткөрүлдү.
Конструктивдүү жана мазмундуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун негизги багыттарына кирген экономикалык, социалдык, инвестициялык, өнөр жай жана маданий-гуманитардык тармактарды талкуулашты. Кыргызстан менен Россиянын экономикалык өнүгүүсү үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегине, ошондой эле эки мамлекеттин лидерлери тарабынан коюлган милдеттерди ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулду.
Минкаб төрагасы үстүбүздөгү жылдагы эки тараптуу иш-чаралардын тыгыз графигин белгилеп, Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин Кыргызстанга боло турган расмий сапарынын, ошондой эле Кыргызстандын аймагында Кыргыз-Россия Өкмөттөр аралык комиссиясынын 26-жыйынынын өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук кыргыз-орус байланыштары мындан ары да чыңдаларына ишенимин билдирип, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда орус тарап Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады.
Жыйындын соңунда Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукка Кыргыз Республикасынын жогорку мамлекеттик сыйлыгы – “Достук” орденин тапшыруу салтанаттуу аземи болду.