whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
29.04.2025
24.3 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЭми Абхаз, армян номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу 50 миң сом болот

Эми Абхаз, армян номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу 50 миң сом болот

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев абхаз, армян номуруу унаалардын ээлери менен жолукту.

Атайын кызматтан билдиришкендей, жыйынга тийиштүү мекемелердин жетекчилери жана кызматкерлери да катышты.

Маалым болгондой, буга чейин социалдык тармактарда абхаз, армян номурлуу унаалардын ээлери өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдошкон. Мындан улам Ташиев президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен кайрылуу жолдогон жарандар менен жолугуп, алардын үнүн укту.

Мындан улам төрага көлөмү 2ге чейинки абхаз, армян номурлуу унааларды мыйзамдаштыруунун баасы 100 миңден 50 миң сомго төмөндөтүлөрүн айтты. Ал эми унаа токтотуучу жайга күнүнө 100 сом эмес, 50 сом деп каралды. Тийиштүү лабороториялык текшерүүнүн баасы 2800 сомдон 1000 сомго түшүрүлдү. Ал эми Чек ара кызматынан берилүүчү аныктама жокко чыгарылды. Муну менен КР жарандарына жеңилдиктер берилди.

Эске салсак, унааларды мыйзамдаштыруу менен сатууга уруксат берилбейт. Мыйзамдаштыруу иштери толук бүтмөйүнчө унааны айдоого тыюу салынат. Ал эми унааны мыйзамдаштыруу процесси учурунда гана пайдаланууга болот.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар