Башкы беткеСаясат жана коомКоомЧолпон-Атадагы дагы эки мейманкана мамлекетке кайтарылды

Чолпон-Атадагы дагы эки мейманкана мамлекетке кайтарылды

«Уют» жана «Уют плюс» мейманкана комплекстери мамлекетке алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында К.К.А. аттуу жарандын расмий киреше булактары жоктугу, бирок ошол эле учурда үч кабаттуу коммерциялык жайды, «Уют» жана «Уют плюс» мейманкана комплекстерин кылмыш жолу менен сатып алып, мыйзамдаштырып алганы аныкталды.

Аталган К.К.А. буга чейин, маркум кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев) жакын шериги болгон жана анын кылмыш жолу менен табылган акча каражаттарын легалдаштырууга жана адалдоого катышып жүргөн.

Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, К.К.А. жогоруда аталган мүлктү Чолпон-Ата шаардык мэриясынын балансына өткөрүп берди.

УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана имараттарды аныктоо жана мамлекеттик баланска кайтаруу боюнча ишин улантып жатат.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар