whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
18.05.2025
17.4 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыУкраинага аскер киргизүү боюнча Британия этият мамиледе

Украинага аскер киргизүү боюнча Британия этият мамиледе

Улуу Британия тобокелдик өтө жогору болгондуктан, Украинага аскер жөнөтүү планынан баш тартышы мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости Times басылмасына шилтеме берүү менен кабарлады.

Маалыматка ылайык, Британия Украинага миң аскер жөнөтүүнү пландаган. Бирок бул чечимди ишке ашырууда коопсуздук коркунучу жана аскердик күчтүн жетишсиздиги негизги тоскоолдуктар катары көрсөтүлгөн.

Коалициялык сүйлөшүүлөргө катышкан аткаминердин айтымында, мындай жоочу аракеттерге карата Британия дайыма этият мамиле кылып келген. Ал эми бул багытта катуу турумду көбүнчө Франция карманып жатканы белгиленди.

Британия азыр миңдеген аскер жөнөтүүнүн ордуна Украина армиясын калыбына келтирүү жана кайра куралдандырууга көңүл буруп жатканын маалымат булактары билдиришүүдө.

Эске салсак, 27-мартта Франция президенти Эммануэль Макрон коалиция саммитинен кийин бир катар өлкөлөр Украинага «токтотуп туруучу күчтөрдү» жибериши мүмкүн экенин айткан. Анын айтымында, бул күчтөр тынчтык орнотуучулар эмес, стратегиялык маанидеги аймактарга жайгаштырылмак.

Ал эми Россия ТИМинин өкүлү Мария Захарова Украинага киргизилген чет элдик күчтөр Россияга коркунуч жаратчу күч катары караларын жана тикелей кагылышуу тобокелдиги бар экенин эскерткен.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар