Башкы беткеМаанилүүДанияр Амангелдиев Ташкентте Экономикалык кеңештин жыйынына катышты

Данияр Амангелдиев Ташкентте Экономикалык кеңештин жыйынына катышты

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев 30-апрелде Ташкент шаарында өткөн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Экономикалык кеңешинин жыйынына катышты.

Маалыматка ылайык, жыйын тажик тараптын төрагалыгы алдында тар жана кеңейтилген курамда өттү. Жыйындын алкагында «INNOPROM. Борбор Азия» эл аралык көргөзмөсү жана КМШ региондорунун биринчи форуму да өтүүдө.

Данияр Амангелдиев сөзүндө Кыргызстандын КМШ өлкөлөрү менен тышкы соодасынын оң динамикасын белгиледи. Ал 2020-2024-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасы менен Шериктештик мамлекеттеринин ортосундагы өз ара сооданын көлөмү 2,1 эсеге, анын ичинде экспорт 2,4 эсеге, импорт дээрлик 2 эсеге өскөнүн айтты.

Мындан тышкары, ал КР министрлер кабинети тарабынан быйылкы жылы ишке киргизүү пландаштырылган 128 өнөр жай объектинин тизмеси түзүлгөнүн билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык кызматташтыгын тереңдетүү боюнча мындан аркы чаралар ар тараптуу талкууланып, тиешелүү чечимдер кабыл алынганы айтылат.

Гезит

Восточное окно

Как кыргызские продукты могут покорить Поднебесную             Нет, наверное, предпринимателя в Кыргызстане, который не мечтал бы выйти на рынок Китая.  Сотни...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар