Чүй облусунун Аламүдүн районунда жалпы аянты 307 гектарды түзгөн жер тилкелери мамлекеттин менчигине өттү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Башында жерди пайдалануу укугу «Ленин» атындагы мамлекеттик айыл чарба заводунун (Винсовхозкомбинат) жумушчуларына берилген. Алардын көпчүлүгү ар кандай себептер менен Кыргызстандан көчүп кетип, айрымдары каза болгон.
УКМК жергиликтүү бийликтин мурдагы жетекчилеринин шалаакы мамилесинен улам бул жер кийин «Шабдан-Ата» ЖЧКсына мыйзамсыз 49 жылдык мөөнөткө ижарага берилгенин билдирди.
Кийин ал компания жерди «Бишкеквинком» ЖЧКсына сатып жиберген. Бул ЖЧКнын мурдагы негиздөөчүсү «АЮ Холдинг» компаниясынын президенти Шаршенбек Абдыкеримов болгон.