Башкы беткеРубрикаларДүйнө жаңылыктарыӨзбекстандын жарандары Кытайга визасыз бара алышат

Өзбекстандын жарандары Кытайга визасыз бара алышат

2025-жылдын 1-июнунан тарта эки өлкөнүн жарандарынын өз ара визасыз жүрүү маселелерин жөнгө салган өкмөттөр аралык келишим күчүнө кирет. Бул тууралуу Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргенин Радио Озодлик жазды.

Макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн жарандары башка мамлекеттин аймагына кирүү, андан чыгуу же транзит менен өтүү үчүн визалык талаптардан бошотулат, эгерде ар бир сапардын мөөнөтү 30 күндөн ашпаса, ал эми болуунун жалпы узактыгы 180 күндүк мөөнөттүн ичинде 90 күндөн ашпаса.

«Визасыз режим жумушка, окууга, медиа ишмердүүлүгүнө, ошондой эле экинчи тараптын компетенттүү органдарынын алдын ала макулдугун талап кылган башка ишмердиктин түрлөрүнө жайылтылбайт», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

2024-жылдын декабрь айында Өзбекстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлери эки өлкөнүн жарандарына эки өлкөгө 30 күн визасыз жүрүүгө уруксат берген келишимге кол коюшкан.

Гезит

Волны из Ормуза доходят до Бишкека

              Глобальные экономические события последней недели наглядно показали, насколько тесно связаны мировые энергетические рынки и повседневная жизнь в...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар