Башкы беткеЖогорку КеңешЖогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтүшү мүмкүн

Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-ноябрда өтүшү мүмкүн

Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун айтымында, Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо бардык процедуралар бүткөн соң 30-ноябрга белгилениши ыктымал.

Депутаттар өз алдынча таркатуу чечимин кабыл алышканын төрага баса белгилеп, «президент да, министрлер кабинети да кысым көрсөткөн эмес» деди.

Мыйзамга ылайык, парламент өзүн таркаткандан кийин президент беш күн ичинде шайлоо дайындоо тууралуу жарлыкка кол коюшу керек. Ошентип, добуш берүү күнү 30-ноябрь болуп калышы мүмкүн.

Бүгүнкү жыйында 89 депутаттын ичинен 84ү «макул» деп добуш берип, каршы чыккандар болгон жок.

Гезит

Дүйнө коомчулугун дүрбөткөн мунайдын баасы

Акыркы апталарда дүйнөлүк мунай базарында абал кескин өзгөрүп, баалар жогорулап, базар туруксуз абалда. Мунун негизги себеби – Жакынкы Чыгыштагы, айрыкча Иран айланасындагы аскердик жаңжал...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар