whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
12.11.2025
13.1 C
Бишкек
Башкы беткеРубрикаларМаданият жана адабият“Алданба!” аттуу китептин бет ачар аземи өтөт

“Алданба!” аттуу китептин бет ачар аземи өтөт

Урматтуу окурмандар!

Сиздерди көптөн күткөн “Алданба!” аттуу китептин бет ачар аземине чакырабыз. Бул китеп медиа сабаттуулук боюнча кыргыз тилинде жазылган алгачкы кеңири колдонмо болуп, ар бирибиз үчүн күнүмдүк жашоодо абдан зарыл болгон билимди тартуулайт.
Китептин авторлору – белгилүү журналисттер Жыргалбек Касаболотов менен Марат Токоев, ал эми чыгарылышы “Медиа өнүгүү борбору” менен “Кен” басма үйү тарабынан даярдалган. Эмгекте калп менен чынды айырмалоо, фейк маалыматтарды, пропаганданы жана троллингди аныктоо, фишингден сактануу ыкмалары жана маалыматтын чын-төгүнүн текшерүү жолдору практикалык мисалдар менен түшүндүрүлгөн.
🎤 Бет ачар аземде:
• Китеп авторлору жана медиа адистердин сөзү;
• Китептин мазмунун тааныштыруу;
• Мектеп мугалимдери, студенттер жана журналисттер үчүн пайдалуу кеңештер;
• Суроо-жооп бөлүгү.
📍 Өтүү жери: Бишкек шаары, Эркиндик бульвары, 58а «Инновациялык борбор»
📅 Убактысы: 2-октябрь, саат 15:00 (2025-жыл).
Бул китеп өзгөчө мугалимдерге, студенттерге, журналисттерге жана жалпы коомчулукка пайдалуу болот. Ар бирибиз маалымат агымында адашпай, чындык менен жалганды айырмалай билүү үчүн бул колдонмодон практикалык тажрыйба таба алабыз.
Келип, бул маанилүү иш-чаранын күбөсү болуп бериңиздер!

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар