Кыргыз элинин залкар акыны Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесине карата улуттук китепканада акынды эскерүү кечеси болуп өттү. Ошондой эле А. Осмоновдун китеп көргөзмөсү уюштурулду.
Ага Мамлекеттик катчы, министрликтердин жетекчилери, адабияттын маданият өкүлдөрү катышты. Китепкананын алдындагы эстелигине гүл коюлду.
Быйыл акындын мааракесине байланыштуу поэзия кечелери, конференциялар, китеп көргөзмөлөрү, радиотелеберүүлөр, жана акындын чыгармаларын кеңири жайылтуу боюнча иштери аткарылууда.

