Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу топтор да дароо түшүндү. Социалдык тармактарды экстремисттик жана террористтик уюмдар мыктап пайдаланууда.
Террористтик уюмдар жана жанкечти топтор социалдык желелер аркылуу тарапташтарынын санын арбытып, колдонуучуларды радикалдаштырууга, андан да коркунучтуусу, террористтик чабуулдарды уюштурууга пайдаланууда. Изилдөөчүлөр соңку он жыл ичинде ишке ашкан террористтик актылар соцтармактар аркылуу уюштурулганын аныкташкан. Болгондо да дүйнөнүн бир бурчунда туруп алып, башка бир жердеги бейтааныш адамдарды мессенджер аркылуу жалдап, көбүнчө бейиш менен азгырып же тозок менен коркутуп, башын имерип, айтор ынандырып, кандуу чабуулга мажбурлашкан. Маселен, Австралия менен Индиядагы соңку терактылар социалдык тармактар аркылуу жалданган кишилер тарабынан жасалган. Мамлекеттик структуралар, коопсуздук органдары бул маселени изилдеп келишет. Бирок алар өз изилдөөлөрүнүн жыйынтыгын дайыма эле ачыктай беришпейт. Адатта илим-изилдөө институттары, аналитикалык же медиа агенттиктер маалыматтарын жарыялап турушат. Ошол изилдөөлөрдү, мисалы, Eurasia Review жүргүзгөн соңку изилдөөлөрдүн кыскача жыйынтыктарына көз чаптыралы.
Интернет платформалар – террорчулардын куралы
Азыркы учурда экстремисттик жана террористтик уюмдар социалдык тармактарды кеңири жана активдүү пайдаланышат. Алар өздөрүнүн пропагандисттик жана үгүт материалдарын интернет аркылуу, мессенджерди колдонуу менен аудиторияга алар окуган тилде жайылтат. Мисалы, бир эле текст ар кайсы тилге которулуп, ошол элдин каада-салтына, менталитетине ылайыкташтырылып, ошол элдин өкүлүнүн атынан таратылат. Ушундай жол менен терактыларды ишке ашыра турган жанкечтилер табылат, жалданат жана аларга даректүү инструкциялар менен жабдылат.
Террористтик уюмдардын башкы бутасы – жаштар
Террористтик топтор стратегиясы менен тактикасы да улам өзгөрүп, заманга жана ар бир учурдагы кырдаалга ылайыкташып, жаңыртылып турат. Жакынкы Чыгышта позициясын жоготуп, алсырай түшкөн “Ислам мамлекети” (Кыргызстанда жана бир топ өлкөлөрдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган) (расмий документтерде жана медиа мейкиндикте ДАИШ, ИГИЛ деген аттар менен белгилүү) террористтик тобу өз пропагандасын башка өлкөлөргө
жайылтууда. Тарапташтарын топтоо, аудиторияны ынандыруу, терактыларды атка-
руучу жанкечтилерди табуу, тандоо, жалдоо, аларды керектүү куралдар менен жабдуу, каржылоо иштерин негизинен он-лайн платформаларда жүргүзөт.
Ишмердүүлүгүн он-лайн платформаларда активдештирүү ИГИЛ аймактарды ээлеп алуу, мамлекеттерди кулатып, конституцияларын өзгөртүп, светтик өлкөлөрдүн ордуна диний негиздеги ислам мамлекеттерин куруу, экспансия идеясынан баш тартты дегендикти билдирбейт. Болгону ошол башкы максатына жетүү жолдорун гана жаңыртып жатканын туюнтат. Террористтик уюмдардын башкы бутасы – бул өспүрүмдөр менен жаштар. Террорчул топтордун катарындагы куралчан согушкерлердин 90%ы 40 жашка чейинки курактагы жаштар. Алардын 50%ы он сегиз менен жыйырма бештин ортосундагы күлгүн жигиттер. Террордук акцияларды жасагандардын арасында өспүрүмдөр
арбын.
Террорчулардын гибрид-модели
Экстремисттик жана террористтик уюмдар менен топтор салттуу ыкмалар менен кошо социалдык тармактарда он-лайн иштөөнү айкалыштырып алышты. Андан тышкары, жанкечти топтор башкаруунун жана терактыларды ишке ашыруунун “гибрид моделине” оой башташты. Тактап айтканда, динге жамынган тигил же бул террористтик же экстремисттик уюмдун башчылары түпкү идеологиянын сакталышын көзөмөлдөп, башкы саясий багытты аныктайт жана жалпы жетекчилик кылат. Ал эми жергиликтүү жана аймактык уюмдар\филиалдары өз алдынча иштей берет: элдин башын айлантат, каражат топтойт, тарапташтардын катарын көбөйтөт, пропаганда жүргүзөт, жаштарды азгырат, ар кандай формада акцияларды жана терактыларды уюштурат.
Экстремисттердин экспансиясы
Экстремисттик жана террористтик уюмдардын таасир этүү территориясы кеңейүүдө. Эксперттер Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндо жаштардын улам барган сайын радикалдашып баратканын белгилешет. Айрыкча 2024-жылы Индия менен Бангладеш сыяктуу мамлекеттерде террористтик топтор жаштардын арасында абдан активдүү иштегенин байкашкан.
Ооганстанда болсо “Талибан” бийликке келген соң “Хорасан ислам мамлекети” аттуу жаңы, энергиясы арбын террористтик уюм улам кулачын жайып, алсырай түшкөн “Аль-Каида” кайрадан кубаттана баштаганы анык. Айтмакчы, Борбор Азия өлкөлөрүн “Хорасан ислам мамлекети” үчүн вилайет же Хорасандын бир областы деп эсептейт.
Жанкечтилер интернет аркылуу жалданат
Былтыр 10-ноябрда Индиянын Нью-Дели шаарынын тарыхый аймагы болгон Кызыл Форттогу (Lal Quila) жардыруу социалдык тармактар аркылуу табылып, жалданган жанкечтилер ишке ашырганы тастыкталган. Сегиз киши мүрт кеткен бул терактыны билимдүү студенттер ишке ашырган. Полиция аныктагандай, терактынын демилгечилери жергиликтүү аткаруу-чуларды швейцариялык мессенджердин Threema тиркемеси аркылуу таап, азгырып, так инструкция берип турушкан. Threema тиркемеси туташ шифрленип, мета белгилерин жана даректерин табууга кыйын болгондуктан, террористтер ушул тиркемени колдонушкан. Мурда караңгы, сабатсыз жаштар жан кечти болсо, эми билимдүү жаштар террористтерге көбүрөөк айлана баштады дейт аналитиктер.
2025-жылы 14-декабрда еврейлердин Хануки майрамында Австралиянын жээгиндеги Бонди-Бич эс алуу жайында чабуулда 14 адам курман болгон. Бул террористтик актыны ишке ашыруу үчүн Нью-Делидегидей эле аткаруучуларды он-лайн платформа аркылуу таап, жалдап же азгырып, аралыктан уюштуруу механизми колдонулган. Австралиянын тергөө органдары аныктагандай, террордук актыны ИГИЛ демилгелеген, бул уюм менен өнөктөш “Абу-Сайяф” согушкер тобу уюштурган. “Абу-Сайяф” чабуул жасаган жанкечтилерди мессенждер аркылуу таап, аларды биротоло радикалдаштырган соң Филиппинге чакырып алып, ок атууга үйрөткөн.
Интернет- платформаларга көзөмөл – муктаждык
Ушул сыяктуу коркунучтарды эске алып, бир катар мамлекеттер социал-дык тармактарды, алар жайгашкан интернет-платформаларды толук көзөмөлгө алууга аракеттерин күчөтүүдө. Австралия ошол террордук актыдан кийин дароо жаштарды социалдык тармактар аркылуу азгырууга бөгөт коюучу атайы мыйзам кабыл алды. Индия, Нью-Делидеги террордук чабуулдан кийин дароо эле диний экстремизмге шектелген 10 миңден ашык интернет-ресурска бөгөт койду. Малайзия “Интернеттеги коопсуздук жөнүндө” мыйзам кабыл алды. Сынга кабылган менен, Кытай өзүнүн интернет-платформаларына, мессенджерлерине ээ, тыштан кирген тиркемелер колдонулбайт, нарративдер кылдат контролдонуп турат. Россия да “суверендүү интернет” деген концептин үстүнөн катуу иштөөдө. Сингапурда улуттар жана диндер аралык кастыкты козутуучу контентти бөгөттө боюнча мыйзам иштелип чыкты. Бул өлкө алдын алуу механизмин тандап алды, соцтармакта тарап кеткенде жайылткан колдонуучуларды жазалоо эмес, ошондой мазмундагы нарративдерди жайгаштырбоо чараларына басым жасады. Индонезияда террордук ишти актаган же үндөгөн контентти автоматтык түрдө аныктап, дароо жок кылуучу SAMAN системасын күчөтүү иштери жүрүүдө.
Өлкөлөргө караганда кылмышкерлердин мамилеси бекем
Аналитиктер жана террорчулар менен экстремисттик уюмдар боюнча адистер он-лайн радикалдашууга каршы күрөштө мамлекеттер тыгыз кызматташууга тийиш деген бекем ишеничте. Террордук жанкечти топтор арасында интеграция мамлекеттер ортосундагы мамилелерге караганда алда канча бекем, байланыштар чың. Дүйнө өлкөлөрү саммиттерге чогулуп-чогула албай, ары-бери кетип, талашып-тартышканча, кылмыштуу топтор өз ара тез тил табышат экен. Буга карт тарых жана соңку кездеги окуялар далил.
Азыр Жакынкы Чыгыш өрткө чулганып, согуш жүрүп жатат. АКШ менен Израил жана Ирандын ортосундагы кармаш менен чектелбеди. Вашингтон Ирандын куралдуу күчтөрүн дээрлик кыйраттык, “эпикалык чабуулду графиктен эрте аяктайбыз”, жакында согуш аяктайт деп ишендиргенге аракет кылууда. Ирандын Сакчылар корпусу жана армиясы кубатынан кайта элек. Ушу тапта жамгырдай кылып жаа атып турган кези. Баарынан кызыгы, Тегерандын Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү АКШнын аскерий базаларына урулган соккулар негедир дата-борборлорго (маалыматтар сакталуучу
системаларга) туш келип жатканын баамдашат аскерий эксперттер.
Ирандык Сакчылар корпусу да дата-борборлорго чабуулду четке какпайт. КСИРдин жетекчилиги дата-борборлорго урулган соккулардын максаты Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү маалымат системалары АКШ менен Израилдин согуштук жана чалгындоо ишине көмөктөшүүсүн жокко чыгарууга багытталган деп түшүндүрүүдө. Дата-борборлорго абадан куралдуу соккулар интернет үчүн абдан керек булут сервистерине, жасалма илтеллект платформаларына, баарыдан да банк жана калкка кызмат көрсөтүү тиркемелерине, айтор маалыматтардын бүтүндөй инфраструктурасына оор кесепетин тийгизет деп эсептешет аналитиктер.
Борбор Азияда экстремисттик жана террористтик топтордун таасири артып, тамыры тереңдегенине бир топ болду. Мисалы, Ирак менен Сириядагы жаңжалдарда Борбор Азия өлкөлөрүнүн, Россиянын жарандары курал кармап, жанкечтилик кылып жүрүштү. Азыркы тапта радикалдашуу процесси түркүн формада, түрдүү ыкма менен кеңири катмарды кучагына алууда. Бул кооптуу проблема жана аны чечүүнүн айрым жолдору боюнча кийинчерээк кенен кеп кылабыз.
Сыргак ЭСЕНБЕК

