Башкы беткеМаанилүүКасымалиев Беларустун премьер-министри Турчинди кызматка дайындалышы менен куттуктады

Касымалиев Беларустун премьер-министри Турчинди кызматка дайындалышы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Беларустун премьер-министри Александр Турчинге жогорку кызматка дайындалгандыгына байланыштуу куттуктоо катын жөнөттү. 

«Сиздин мамлекеттик кызматтагы көп жылдык тажрыйбаңыз жана жогорку кесипкөйлүгүңүз Беларусь Өкмөтүнүн элдин жыргалчылыгы жана мамлекеттин гүлдөп өсүшү үчүн ийгиликтүү иштешине өбөлгө түзөт деп ишенем. Сизди эки тараптуу форматта, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын алкагында кыргыз-беларусь достук жана өнөктөштүк мамилелерин активдештирүү боюнча биргелешкен ишти улантууга даяр экендигибизге ишендиргим келет», — деп белгиленген кайрылууда.

Министрлер кабинетинин башчысы Беларусиянын премьер-министрине чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик кызматында ийгиликтерди каалады.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар