Башкы беткеМаанилүүАдылбек Касымалиев чиновниктердин кызматтык сапарларынын натыйжалуулугуна көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Адылбек Касымалиев чиновниктердин кызматтык сапарларынын натыйжалуулугуна көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлердин кызматтык иш сапарларынын натыйжалуулугуна көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу ал  «Ынтымак Ордодогу» коллегияда билдирди.

МинКаб башчысы кызматтык иш сапарларды уюштуруу маселесин оптималдаштырууну, атап айтканда, максаттары жана милдеттери окшош болгон иш сапарларды бириктирүү менен алардын санын кыскартууну, ошондой эле алардын отчеттуулугунун ачыктыгын камсыздоону тапшырды.

«Мындай чаралар чыгымдарды азайтууга, министрлик менен министрдин ишинин жалпы натыйжалуулугун жогорулатууга, ошондой эле ашыкча бюджеттик чыгымдарды кыскартууга мүмкүндүк берет. Белгилүү болгондой, ийгиликтүү командировкалар бир катар факторлор менен мүнөздөлөт, алардын ичинде так аныкталган максаттар, компетенттүү пландаштыруу, квалификациялуу адистердин катышуусу. Командировкага кызматкерлерди тандоодо субъективдүүлүккө жана регламенттерди бузууга жол бербегиле. Буга байланыштуу командировкалардын натыйжалуулугуна көзөмөлдү күчөтүүнү, кызматташтыктын узак мөөнөттүү багыттарына басым жасоону, алынган билимди жана тажрыйбаны башкаруу процесстерине интеграциялоону жана реформаларды натыйжалуу киргизүүнү камсыздоону тапшырам», — деди ал.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар