Башкы беткеМаанилүүСалык пландан 4 млрд сомго көп чогултулду

Салык пландан 4 млрд сомго көп чогултулду

Январь-февралда Кыргызстанда 41 млрд 490,5 млн сом салык жана төлөмдөр чогулду. Мамлекеттик салык кызматы аталган сумма пландан 4 млрд 91,8 млн сом ашык экенин 4-мартта кабарлады.

Маалыматка ылайык, быйылкы салык жана төлөмдөр былтыркы январь-февралдагы көрсөткүчтөн 10,7 млрд сомго көп.

Ошондой эле камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 12 млрд 911,3 млн сом жыйналып, бул да белгиленген пландан 811,3 млн сомго көп экени белгиленди. Мындан сырткары, эки айда чогулган камсыздандыруу төгүмдөрү былтыркыдан 1,2 млрд сомго көп.

Жалпысынан эки айда чогултулган салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасы 54 млрд 401,8 млн сомду түздү.

Эске салсак, жыл башында президент Садыр Жапаров калктын салыктык түйшүгүн азайтуу боюнча жарлыкка кол коюп, министрлер кабинетине тапшырмаларды берген. Өкмөт көп өтпөй салыктын айрым түрлөрүнө мунапыс берүүнү сунуштаган.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар