Башкы беткеРубрикаларАйыл чарбаКыргызстанда эт күздөн бери 80-120 сомго чейин кымбаттады

Кыргызстанда эт күздөн бери 80-120 сомго чейин кымбаттады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Самат Насирдинов Кыргызстанда 2024-жылдын күз айынан бери эттин баасы 80-120 сомго чейин кымбаттаганын билдирди.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин 10-марттагы жыйынында айтты. Ал буга 2023-жылы кургакчылыктан улам тоюттун баасы көтөрүлгөнү негиз болгонун кошумчалап, эттин баасын бир калыпта кармап туруу үчүн чаралар көрүлүп жатканын айтты.

“Өзбекстанга тирүү малды алып чыгууга чектөө киргиздик. Андан тышкары Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдөн ташылган этке кошумча нарк салыгын алып салдык”, —

деди ал.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар