Башкы беткеСаясат жана коомКоомСадыр Жапаров Азербайжанда карабах аттарынын шоусуна катышты

Садыр Жапаров Азербайжанда карабах аттарынын шоусуна катышты

Президент Садыр Жапаров 3-июлда Азербайжанга болгон иш сапарынын алкагында Агдам шаарындагы «Имарат» тарыхый-маданий борборунда өткөн карабах аргымактарынын «Жеңиш» деп аталган шоу-программасына катышты.

Маалыматка ылайык, иш-чара 4-июлда Ханкенди шаарында өтө турган Экономикалык кызматташтык уюмунун 17-саммитинин алкагында уюштурулду.

Чакырылган ардактуу конокторго Азербайжандын бай маданий мурасын жана байыркы жылкычылык салттарын чагылдырган карабах аргымактарынын оюндары көрсөтүлдү.

Көрүүчүлөргө улуттук кийимчен атчандардын катышуусундагы көркөм шоу-программа тартууланып, алар ат минүүнүн классикалык жана элдик мектебинин элементтерин жана ат үстүндө ойнолуучу оюндарды көрсөтүштү.

Оюндардын алдында атчандар Экономикалык кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин тууларын салтанаттуу түрдө көтөрүп чыгышты.

Көрсөтүү азербайжандын салттуу музыкасы жана улуттук бийлери менен коштолду.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар