whatsapp: +996 501 86 00 89
call-squared
тел: +996 508 07 07 20
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.02.2026
11.1 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомТуристтерге карата туура эмес мамилеге бийлик тараптан эскертүү берилди

Туристтерге карата туура эмес мамилеге бийлик тараптан эскертүү берилди

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасында Чолпон-Ата жана Бостериде туризм менен алектенгендерге кайрылып, меймандостукту биринчи орунга коюуга чакырды.

«Президенттин тапшырмасы менен көл жээгиндеги тосмолор алынып, элге ачык эс алуу шарттары түзүлгөн. Бирок тилекке каршы, айрым пляждарда жээкти ээлеп, кол чатыр коюп алып, туристтерди мажбурлап ижара акы төлөтүп жаткан уятсыздар пайда болууда. Кол чатырдын кызматын каалабагандарга тоскоолдук жаратып, орой мамиле кылгандар да бар экен. Мындай көрүнүштөр Ысык-Көлдүн аброюна шек келтирип, туристтерди иренжитет. Жергиликтүү бийлик мындай аракеттерге эскертүү берди, эми мындан ары чара көрүлөрүн эскертебиз», — деди Орунбеков.

Ал жергиликтүү бийлик буга чара көрүп жатканын белгилеп, бардык туризм өкүлдөрүн таза, адептүү жана меймандос мамиле көрсөтүүгө чакырды.

Гезит

Кышты көркөмдөгөн Олимпиада

Бул айда дүйнөнүн спорт сүйүүчүлөрүнүн көңүлү Италияга бурулду. Милан жана Кортина-д’Ампеццо шаарлары Кышкы олимпиада оюндарына кожоюн болуп, адамзаттын эң ири спорттук майрамдарынын бирин өткөрүүгө...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар