whatsapp: +996 501860089
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
10.11.2025
3.1 C
Бишкек
Башкы беткеМаанилүүПрезидент Садыр Жапаров жаңы дайындалган бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл...

Президент Садыр Жапаров жаңы дайындалган бир катар өлкөлөрдүн элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров үчүнчү өлкөлөрдө резиденциясы менен аккредитацияланган бир катар мамлекеттердин жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды.

Ишеним грамоталарын төмөнкү элчилер тапшырды:

  • Аленка Сухадольник – Словения Республикасы,

  • Антонелло Де Риу – Италия Республикасы,

  • Лусиано Нкого Ндонг Айекаба – Экваториалдык Гвинея Республикасы,

  • Эрик Де Майер – Бельгия Королдугу,

  • Эдуардо Энрика Эрнандес Ресинос – Гватемала Республикасы.

Салтанаттуу азем Ардактуу кароолдун тосуп алуусу менен башталып, андан кийин элчилер Президент Садыр Жапаровго ишеним грамоталарын тапшырды.

Мамлекет башчысы элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык миссияларынын расмий башталышы менен куттуктап, өлкөбүздүн дүйнөлүк аренада ачык саясат жүргүзүп келе жатканын баса белгиледи.

“Учурда Кыргызстанда туруктуу экономикалык өсүш байкалууда. Энергетика, курулуш, финансы, туризм жана башка маанилүү тармактарда ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда. Сиздердин мамлекеттерди бул долбоорлорго жигердүү катышууга чакырам,” – деди Президент.

Садыр Жапаров ошондой эле 2025-жылдын 30-ноябрында мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өтөрүн белгилеп, анын тунуктук жана демократиялык принциптерди бекемдөөгө багытталганын айтты.

“Шайлоо процессинин ачыктыгын камсыздоо үчүн эл аралык байкоочуларды, анын ичинде сиздердин өлкөлөрдүн өкүлдөрүн да катышууга чакырам,” – деди мамлекет башчысы.

Жыйынтыгында Президент жаңы дайындалган элчилердин ишмердүүлүгү Кыргызстан менен алардын өлкөлөрүнүн ортосундагы достук жана өз ара урматтоого негизделген мамилелерди бекемдөөгө чоң салым кошоруна ишеним билдирди.

Гезит

Диана Талгарбек кызы: “Бүгүнкү кыргыз жаштары аракетчил, жаңы идеяларга бай, тил үйрөнүүгө шыктуу жана күчтүү”

Өткөн жумада Президент Садыр Жапаров өлкө ЖОЖдорунун 92 мыкты студентине президенттик стипендия тапшырды. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде, инженердик техникалык факультетинин агроинженериядагы экономика...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар