Башкы беткеМаанилүүИсламабадда Садыр Жапаров менен Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи өттү

Исламабадда Садыр Жапаров менен Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи өттү

Бүгүн, 4-декабрда, Исламабаддагы Премьер-министрдин кеңсесинде Президент Садыр Жапаров менен Пакистандын Премьер-министри Шахбаз Шарифтин расмий жолугушуу аземи уюштурулду.

Премьер-министр Шахбаз Шариф Президентти расмий түрдө тосуп алды. Салтанатта эки өлкөнүн гимндери аскердик оркестрдин коштоосунда аткарылып, ардактуу кароол командири саламдашуу рапортун берди.

Садыр Жапаров ардактуу кароолду кыдыргандан кийин тараптар расмий делегациялар менен кыскача таанышуу өткөрүштү.

Салтанаттын соңунда лидерлер биргелешип бак отургузууга катышып, андан ары сүйлөшүүлөр өтө турган залга жөнөштү.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар