Башкы беткеМаанилүүКыргызстан Иранга гуманитардык жардам жөнөтүүдө

Кыргызстан Иранга гуманитардык жардам жөнөтүүдө

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргызстан Иран өлкөсүнө гуманитардык жардам жөнөтүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, бул кадам аталган өлкөдөгү жабыр тарткан жарандык калкка жардам көрсөтүүгө багытталган. Жалпы салмагы 129 тоннаны түзгөн гумжардамдын 66 тоннасы азык-түлүктөрдөн, анын ичинде ун, эт консервалары жана өсүмдүк майынан, ошондой эле 63 тоннасы дары-дармектерден турат.

Алар ӨКМдин жети оор жүк ташуучу унаалар колоннасына жүктөлдү. Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычевдин катышуусунда жеткирилип, иран тарапка тапшырылат.

Даярдоо жана жөнөтүү иштери Өзгөчө кырдаалдар жана Тышкы иштер министрликтери тарабынан аткарылды.

Гезит

Марат САГЫМБАЕВ: «Жасалма интеллекттин чегинде өзүбүздү табууну унутпайлы»

      Кыргызстандын медицина тармагындагы эки илимпоз-окумуштуусу жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн жана чектерин философиялык багытта изилдешти. Алар биргелешип жазган ири монографияда өз ойлорунун жыйынтыгын сунушташкан. Авторлордун...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар