Башкы беткеСаясат жана коомКоомШылуундар билим берүү министринин атынан жалган билдирүүлөрдү жөнөтүүдө

Шылуундар билим берүү министринин атынан жалган билдирүүлөрдү жөнөтүүдө

Билим берүү жана илим министрлиги белгисиз номерден билдирүүлөрдү жиберип, министрдин атынан телефон чалган шылуундар тууралуу эскертүү таратты.

Министрлик жарандарды сак болууга чакырып, эгерде сиздерге министрдин атынан телефон чалса же “Менин жаңы телефон номеримди сактап алыңыз” деген өтүнүч менен билдирүү жиберсе, мындай билдирүүлөргө ишенбеңиздер. Министр Догдуркүл Кендирбаева эч качан минтип телефон чалбайт жана минтип өтүнбөйт.

Ошондуктан өзүн министрликтин кызматкеримин деп тааныштырган адамдардын телефон чалууларына ишенбөөгө, акча которбоого жана жеке маалыматты бербөөгө чакырабыз.

Эгер сиздер мындай кырдаалга кабылсаңыздар, тастыктоо үчүн өзүңүздөр байланышып жүргөн министрликтин кызматкерине телефон чалууну суранабыз.

«Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиздер! Шектүү шилтемелерге кирбеңиздер! Сак болуңуздар жана шылуундардын торуна түшүп калбаңыздар!»,-деп айтылат маалыматта.

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар