Башкы беткеСаясат жана коомКоомБишкектеги "Аламүдүн" базарында 237 орундуу унаа токтотуучу жай курулат

Бишкектеги «Аламүдүн» базарында 237 орундуу унаа токтотуучу жай курулат

Бишкектеги «Аламүдүн» базарында 237 орундуу унаа токтотуучу жай курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, көп кабаттуу имарат Муса Жалил көчөсүнө түшмөкчү. Планга ылайык, объект төрт кабаттан туруп, жер алдында дагы үч кабаты болот. Жалпы 237 унаага ылайыкташат.

Учурда «Орто-Сай» базарында дагы 252 унаа бата турган көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курулууда. Ал Безымянная көчөсүндө жайгашып, учурда жер төлө бөлүгү дээрлик соңуна чыкты. Ошол эле жерде 10 автоунаага ылайыкталган төрт кабаттуу ротордук унаа токтоуучу жай орнотулду. Аталган конструкция унааны көтөрүү жана түшүрүү үчүн 2,5 мүнөт убакыт талап кылат.

Гезит

Казакстандан кат (ЖУСУП АБДРАХМАНОВ)

ЖУСУП АБДРАХМАНОВ               Казакстандын Көркөм Академиясы азыркы кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири, Кыргыз Эл Баатыры, Кыргыз АССРнын Совнаркомунун төрагасы, 1932-1933-жылдардагы Казакстандагы...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар