whatsapp: +996 550 240 914
call-squared
тел: +996 508 070 720
new-post
tuusu@mail.ru
marker--v1
Дарек: Бишкек шаары, Т.Абдумомунов көчөсү, 193
23.04.2025
11.8 C
Бишкек
Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖунусов: "Автомектептердин көбүнүн лицензиясы талапка жооп бербейт"

Жунусов: «Автомектептердин көбүнүн лицензиясы талапка жооп бербейт»

Кыргызстандагы автомектептердин көбүнүн лицензиясы талапка жооп бербейт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Министрлер Кабинетине караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттигинин айдоочуларды каттоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыбек Жунусов билдирди.

Анын айтымында, автомектептерди пландуу текшерүүгө ылайык жыл башынан бери алардын ар бири текшерилип жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгында автомектердин көбүнүн лицензияларынын талапка жооп бербегендиги аныкталууда.

“Текшерүүнүн негизинде алардын ар бирине эскертүү берилүүдө. Белгилүү бир убакытта ал эреже бузуулар оңдолбосо, аларга айып пул салынат. Эгерде айып пулду төлөбөсө жана бузулган эрежелерди дагы оңдобосо. Биз бул ишти сотко өткөрүп, лицензиясын жокко чыгаруубузга туура келет”,-деди ал.

Жунусов белгилегендей, бүгүнкү күндө республика боюнча 331 автомектеп бар. Анын ичинен 77 автомектеп кесиптик лицейлердин базасында.

Гезит

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар