Башкы беткеРубрикаларАймактарЫсык-Көлдө желим баштык колдонгондорго жана саткандарга рейд жүрдү

Ысык-Көлдө желим баштык колдонгондорго жана саткандарга рейд жүрдү

Кечээ, 8-апрель күнү Каракол шаарында полиэтилен пакеттерин колдонууга жана сатууга карата тыюунун аткарылышын көзөмөлдөө боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Рейддин негизги максаты — президенттин 2022-жылдын июль айында чыккан «Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча шашылыш чаралар жөнүндө» жарлыгынын аткарылышын текшерүү.

Рейд учурунда шаардагы ири соода түйүндөрү, дүкөндөр жана супермаркеттер текшерилип, мыйзам бузуу учурлары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

“Мыйзамды бузган жарандарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 10 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Учурда биз түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз — бул маалыматтык этап. Бирок жакын арада мыйзамды сактабагандарга карата санкциялар колдонулат. Учурда Ысык-Көл облусунун аймагында 500дөн ашык эскертүү баракчалары таратылды”, — деп айтылат маалыматта.

Гезит

Башкаруудагы айымдардын орду

Жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорк шаарындагы штаб-квартирасында Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясы болуп өттү. Бул дүйнөлүк денгээлдеги иш-чарада гендердик тенчиликти илгерилетүүгө, аялдар менен...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар