Башкы беткеСаясат жана коомКоомЕЭКте мигранттардын укугуна байланыштуу маселе көтөрүлдү

ЕЭКте мигранттардын укугуна байланыштуу маселе көтөрүлдү

16-апрелде Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) жыйынында Евразия экономикалык союзунун (ЕАЭБ) мүчө-мамлекеттеринин жарандарын Россиядагы милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ОМС) системасына жеткиликтүүлүгү тууралуу маанилүү маселе каралды. Бул тууралуу Кыргызстандын ЕЭКтеги министри Арзыбек Кожошев билдирди.

Маалыматка ылайык, Кожошев талкуу учурунда кыргызстандык эмгек мигранттарынын укуктарынын бузулуу учурлары көбөйүп жаткандыгын белгилеген.

«Акыркы убакта социалдык тармактарда жана ЖМКларда Кыргызстандын жарандарына документтерди текшерүү учурунда укук коргоо органдарынын орой мамилеси жөнүндө маалыматтар улам-улам чыгып жатат. Айрыкча Москва шаарындагы «Бодрость» мончо комплекси менен байланышкан акыркы окуя чоң кооптонууну жаратууда», — деген ал.

Мындан тышкары, министр бул окуя жана текшерүүлөрдүн видеолорунун жарыяланышы комиссиянын мүчө-мамлекеттер менен биргеликте евразиялык интеграцияны бекемдөө боюнча жүргүзүп жаткан түшүндүрүү иштерине көлөкө түшүрүп жатканын айтты.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар