Башкы беткеМаанилүү"Өрүкзар поэзиясынан” байгелүү орун алган акындар

«Өрүкзар поэзиясынан” байгелүү орун алган акындар

Баткен облусунда өткөн «Өрүкзар поэзиясы” эл аралык фестивалынын ыр сынагында акын Максат Жангазиев калыстар тобунун жогорку баасын алып, баш байгеге ээ болду.

Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, 1-орунга Гүлүмкан Исаева, 2-орунга Махабат Касейинова, ал эми үчүнчү орунга Бүкалча Маматали кызы менен Жибек Сапар кызы татыды. Бешөө тең Курбаналы Сабыров атындагы адабий сыйлыктын лауреаты болушту.

Аталган эл аралык фестиваль Лейлек районунда 16-апрелде башталган. Ыр сынакка 40 жашка чейинки акындар катышты. Бул сынактын уюштурулуп келгенине быйыл 35 жыл болду.

Аны белгилүү кыргыз акыны Абдилаат Дооров негиздеп, жыл сайын үзгүлтүксүз өтүп  келет. Быйылкы иш-чарага коңшу мамлекеттерден да акындар жана маданий ишмерлер катышканы маалымдалды.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар