Башкы беткеМаанилүүБыйыл 133 миң гектар жерди чегиртке капташы ыктымал

Быйыл 133 миң гектар жерди чегиртке капташы ыктымал

Быйыл 133 миң гектар жерди чегиртке капташы ыктымал. Бул тууралуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин жетекчисинин орун басары Алмаз Алакунов «Биринчи радиого» курган маегинде билдирди.

Анын айтымында, өлкөдө чегирткенин италия жана марокко деген түрлөрү өзгөчө коркунучтуу. Анткени көп төлдөп, сугалак келишет.

“Чегирткенин жапырт каптоосу 8-12 жылда күч алып кайра басаңдап турат. Былтыртан бери жаңы толкуну башталды. Алсак өткөн жылы өлкө аймагында 113 миң гектар жерде зыянкечтерге каршы иш жүргөн. Быйыл 133 миң гектар жерди капташы мүмкүн”, — деди Алакунов.

Ошондой эле ал Базар-Коргон, Ноокен, Сузак жана Араван райондорунун 4100 гектар жеринде зыянкечтер аныкталып, аларга каршы каражаттар себилип жатканын кошумчалаган.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар