Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖусуп Баласагын университетинде 16 кабаттуу имарат курулат

Жусуп Баласагын университетинде 16 кабаттуу имарат курулат

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинде №4 жатакананын ордуна 16 кабаттуу заманбап имарат курулат. Бул тууралуу окуу жайдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы комплекс студенттер жана окутуучулар үчүн дарсканалар, жатаканалар, 24/7 китепкана, амфитеатр, балдар бакчасы жана башка социалдык жайларды камтыйт.

Курулуштун жалпы наркы 1,379 млрд сомду түзүп, каражаттын бир бөлүгү университеттин өзү жана Өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланат. Иш 1,5–2 жылга пландалган.

«Бул долбоор КУУнун 100 жылдык мааракесине карата инфраструктураны жаңыртуу программасынын алкагында ишке ашырылууда. Ал заманбап курулуш нормалары жана стандарттары эске алынуу менен иштелип чыгып, бардык колдонуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды камсыздоого багытталган»,— деп айтылат маалыматта.

Гезит

Реформатор редактор, таланттуу калемгер

А.Матисаковду эки чылбырды бирдей кармаган чабандес сыяктуу жазуучулук менен журналисттик кесипти эриш-аркак алып жүргөн калемгер деп айтсак болот. Ага “Ленинчил жаш” газетасы журналисттик мектеп...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар