Румыниялык аткаруучу Мария-Диана Стынчуляша “Мейкин Азия 2025” эл аралык фестивалында гран-при алды.
Ал эми Македония өлкөсүнүн катышуучусу Полина Тасева, Түркия Республикасынан келген Эже Ата жана Өзбекстандан келген Тулкин Тажиев 3-орун;
2-орун Камир (Кыргызстан) жана Виталий Дроб (Беларусь Республикасы);
1- орунду кыргыз аткаруучусу Урмат Сатыбалдиев алды.
Ал эми көрүүчүлөрдүн онлайн добушунун жыйынтыгында якутиялык Кирил Матвеев жеңүүчү деп табылды.
Белгилүү болгондой, быйылкы иш-чара Азия жана Европанын 25 өлкөсүнөн келген таланттуу ырчылар менен белгилүү аткаруучуларды бир сахнага чогултту. Фестивалдын конкурстук бөлүгү менен катар, ата-мекендик жана дүйнөгө таанымал ырчылардын концерттик номерлери, мастер-класстар, маданий жолугушуулар уюштурулган.
Уюштуруучулардын билдиришинче, фестивалдын башкы максаты — музыка аркылуу ар кандай элдердин жана маданияттардын ортосундагы диалогду өрчүтүү жана чыгармачылык кызматташтыкты бекемдөө.
Биринчи күндөн баштап фестивалдагы өзгөчө аткарууларды, кызыктуу учурларды “Кыргыз Туусу” сайтынан жана социалдык баракчаларынан тынымсыз чагылдырууда.

