Башкы беткеСаясат жана коомКоомЖарыкка жетелеген  чекиттер

Жарыкка жетелеген  чекиттер

Технологиянын ѳнүгүшү менен кѳзү азиз адамдардын дагы билим жагынан камсыздоого толук шарт жаралат. Адамзат жашоосундагы мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга түзүлгѳн эӊ чоӊ жетишкендиктеринен тактилдүү Брайль шрифти эсептелет. Бул курал аркылуу кѳзү начар кѳргѳн адамдар менен бирге кѳзү азиздер окуп, жазуу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ боло алышат.

 Шрифттердин тарыхы

Брайл методундагы шрифттердин иштѳѳ принцибин аныктообуз үчүн анын  тарыхына кѳз жүгүртсѳк. Жазуунун рельеф-чекиттүү жолун биринчи жолу 1824-жолу 15 жаштагы француз Луи Брайл ойлоп тапкан. Кичинекей кезинде Луи, атасынын устаканасында бычак менен кѳзүн жаракаттап  алган. Оорунун күчѳшүнѳн улам азиз болуп калган Луини 1819-жылы үй-бүлѳсү Париждеги кѳзү азиздер мектебине киргизишет. Атайын адистештирилген мектепте Валентин Гайинин рельефтик-линиялык жолу менен жазылган шрифттери колдонулган. Окуудагы эски системанын жетишсиздигин түшүнгѳн Брайл студент кезинде альтернативалык түрдѳ ѳзүнүн чекиттүү шрифтерин ойлоп тапкан. 1837-жылга чейин шриффтик системага ар кандай ѳзгѳрүүлѳр киргизилип, андан соӊ жаӊыланган эмес. Кичинекей  мамычалардын бармак аркылуу оӊой таанылышы Брайл шрифтеринин  артыкчылыгы болуп, чекиттердин саны он экиден алтыга чейин кыскартылган. Бул ыкма алфавитти тез жана так чагылдыруунун жолу болгон. Луи Брайл адамдар менен болгон баарлашуу жашоонун эӊ маанилүү тармагы деп эсептеген.

«Баарлуушунун жолу –маалыматтын жолу, башкалардын бизге кемсинтүү же боор оору менен жасаган мамилесин биз каалабайбыз, бизге теӊ укуктуулук керек»,-деген сѳздѳрүн кийин күндѳлүгүнѳ жазган. Андан соӊ Брайл ар кандай музыкалык аспапка жарай турган музыкалык код түзүүгѳ умтулуп, кийинки он жылдыкта бул тематикага байланыштуу үч китебин чыгарган.

Брайлдын алгачкы китеби Гаюинин рельефтик-линиялык шрифти менен басылган. Ал универсалдуу гений болгондуктан математикадан тартып музыкага чейин ар кыл тармакта ѳзүнүн жѳндѳмүн кѳрсѳтѳ алган. Угуу жѳндѳмү менен эле бир нече тил үйрѳнүп, Париж институтунда мугалимдин жардамчысы болуп эмгектенген. 1853-жылы ѳпкѳсүнѳн кан кетип оорудан каза тапкан. ªзүнүн убагында Брайл эч кандай таанымал эмес, билимге умтулган жѳнѳкѳй азиз адамдын ѳмүрүн кечирген.  Кийинчерээк окуучуларынын аракетинин аркасында бул окутуу системасы 1854-жылы Францияда  расмий таанылып, кѳп ѳтпѳй эле анын методу француз тилдүү аймактарда тездик менен жайыла баштаган. 1878-жылы Парижде ѳткѳн кѳзү азиз жана угуусу начар адамдардын абалын  жакшыртуу боюнча эл аралык конгрессте система расмий түрдѳ колдонула баштаган.

Адистештирилген китепкана

Расмий маалыматтарга караганда, 2025-жылга карата Кыргызстанда 218 миӊден ашуун майып адам каатоого алынган. Анын 29 миӊден кѳбү 18 жашка чейинкилер. Каттоодо турган майыптардын сегиз миӊден ашууну кѳзү азиздерди түзѳт. Кыргызстанда азыр кѳзү азиз адамдар үчүн атайын китеп чыгарчу бир да басмакана жок. Мамлекетибизде кѳзү азиз балдар менен иш алып барган  56 бейѳкмѳт уюм бар. Алардын бири “Кыргыз азиздер жана дүлѳйлѳр коому”. Бул коомдун кѳзү азиз балдар үчүн шаарда жалгыз деп эсептелген китепканасы бар.  Кыргызстанда азиздер үчүн китепкана түзүүнүн алгачкы кадамы окурмандардын демилгеси менен жасалган. Сабаттуу азиздер Москва менен Ленинграддын басмаканаларынан Брайл шрифтиндеги китептерге буйрутма кылдырып маалыматка жетип турушкан. Бирок бул китептердин кѳлѳмү чоӊ болгондуктан, аларды батирде сактоо кыйынчылык жараткан.  Буга байланыштуу атайын китеп алмашуу клубу уюштурулуп, бул алмашуу пунктунда чогултулган китептер Азиздер жана дүлѳйлѳр үчүн Республикалык адистештирилген китепкана Брайл фондусунун түзүлүшүнѳ негиз салышкан. Бул процессти кийинчерээк биринчи китепканачылардын бири болгон Валентина Митрофановна Острикова жетектеген.

1970-жылы  КАДК (Кыргыз азиздер жана дүлѳйлѳр коому) Борбордук кабинетинен атайын чечим чыгарылып, Кыргыз ССР Маданият Министрлиги тарабынан бекитилген жобонун негизинде Кеккол проспектиси 5 дарегиндеги турак жайдын жертѳлѳѳсүндѳгү бѳлмѳ китепкана катары уюштурулган. Китепкананын биринчи директору Николай Никитич Остриков жана анын үй-бүлѳсү китепкананын уюштуруу иштерин ѳз мойнуна алышкан. Акыркы эки жылдыкта китепкананын мүдүрлүк кызматын Кундуз Касымбаева аркалап келет.

Анын айтымында, китепканада Брайл шрифти менен катар жѳнѳкѳй басылган китептер, санариптик электрондук форматтагы китептер, кыргыз, орус жана башка тилдердеги аудио китептер бар. Китепкананын үн жазуу студиясында кыргыз тилиндеги китептер жазылып, дикторлор тарабынан окулат. Jaws, Nvda, Брайл линиясы окурмандардын компьютердик технологияларды  колдонуусуна жана процесстердин мониторунда эмне болуп жатканын түшүнүүгѳ мүмкүнчүлүк түзѳт. «Кѳпчүлүк окурмандардай эле биздин китепкананын дагы окурмандары кѳркѳм адабиятка басым жазашып, кызыгып окушат. Шрифттерди ѳздѳштүрүү ар кимдин шыгына жараша болот, кээ бири бир күндѳ эле окуп кете алса , кээ бири жарым жылга чейин ѳздѳштүрѳ албай кыйналышат.Бул жерде жаралган кѳйгѳй, китептердин жетишсиздиги, анын ичинен кыргыз тилдүү китептердин ѳтѳ эле аздыгы абалды түйшѳлтѳт. Брайл шрифти менен жазылган китептерге атайын форматтагы катуурак кагаз жана кадимки басмадан айырмаланган принтер керектелгендиктен дагы китептерди чыгаруу кымбатыраак турат. Жѳнѳкѳй 50-60 барактагы китеп Брайл шрифти менен 160-170 баракты түзѳт, бул материалдык жактан кѳбүрѳѳк чыгымга алып келет. Азыр бизде аудиокитептерге дагы талап жакшы. TiKA жана  «Равные возможности» социалдык колдоо фонддору китепкананын ремонт иштеринде,китептерди чыгарууда чоӊ жардамын берүүшүдѳ. ООН,ПРООН тарабынан берилген китептер негизинен социалдык укуктар , экология,конституция боюнча темаларга ылайыкташкан. Китепкана азиздер үчүн заманбап маалыматтык технологиялардын аркасында КАДК мүчѳлѳрүнүн руханий ѳнүгүүсүнѳ кѳмѳктѳшѳт жана билим деӊгээлин жогорулатып, Брайл шрифтин ѳздѳштүрүүсүнѳ дагы ѳз салымын кошот.Кѳзү кѳрбѳгѳн же кѳзү кийинчерээк кѳрбѳй калган адамдар китепканадан Брайл шрифти менен таанышып, окуганды, жазганды үйрѳнѳ алышат. Негизинен китепканада мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар эмгектенишет , биздин дүйнѳ таанымыбыз башка болгондуктан, бирибиздин жаныбызда ѳзүбүздү ыӊгайлуурак жана эркин сезебиз»,- дейт ал.

Брайл шрифтиндеги китептердин жетишсиздиги кѳрүүсү начар адамдар үчүн билимге жетүүнү чектейт, ой-жүгүртүүнүн жана чыгармачылыктын ѳнүгүүсүнѳ тоскоолдук кылат, маалыматка жетүүдѳ теӊсиздикти жаратып, социалдык интеграцияны кыйындатат. Бул кѳйгѳйдү жеӊүү үчүн китеп фондун кеӊейтүү, санариптик Брайл материалдарын жана технологияларды колдонуу абзел. Жетиштүү китептер кѳрүүсү начар адамдардын ѳз алдынча билим алышын камсыздап, алардын коомго активдүү катышышын жана мүмкүнчүлүктѳрүн толук ачышын шарттайт.

Чекит. Чекит дегенде эсиӊизге эмне келиши мүмкүн. Кѳптѳн бери жан дүйнѳӊдү түйшѳлткѳн окуялар чекит менен маанисин жоготкондой болот, китеп ичиндеги сүйүктүү каармандарыбыздын кѳркѳм дүйнѳсүн дал ушул чекит каалагандай калчап,окуянын аяктоосун, соӊку каалоолорду, акыркы ирмемдерди чагылдырган дал ушул белгилер дайыма эле жыйынтыктоо үчүн колдонулбай, кай бирисинин  караӊгы дүйнѳсүн чагылдырган жарыкка дагы айланышы мүмкүн.

Сулууман Байгуттуева
“Кыргыз Туусунун” практиканты

Гезит

Эффект Ормузского пролива

Конфликт вокруг Ирана потрясает мировую экономику                   Ближний Восток играет ключевую роль в глобальной энергетической системе и международной...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар