Башкы беткеМаанилүүПрезидент Садыр Жапаров АКШга иш сапары менен барды

Президент Садыр Жапаров АКШга иш сапары менен барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, АКШ президенти Дональд Трамптын чакыруусу менен Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барды.

Мамлекет башчысынын учагы “Эндрюс” авиациялык базасына конуп, аны АКШнын мамлекеттик катчысынын Түштүк жана Борбордук Азия иштери боюнча жардамчысы Пол Капур жана башка расмий өкүлдөр тосуп алышты. Сапарды урматтоо иретинде килем төшөлүп, ардактуу кароол ротасы тизилди жана жоокерлер эки өлкөнүн тууларын кармап турушту.

Садыр Жапаров сапардын алкагында «С5+1» форматындагы мамлекет башчыларынын саммитине катышат. Иш-чара платформа түзүлгөнүнө 10 жыл толгонуна карата өтүп, Борбор Азия өлкөлөрү менен АКШнын өнөктөштүгүн кеңейтүү жана актуалдуу регионалдык маселелерди талкуулоого багытталган.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен АКШ Президенти Дональд Трамптын эки тараптуу жолугушуусу да пландалган.

Гезит

Социалдык тармактар экстремисттик жана террористтик уюмдардын заманбап куралына айланууда

Туура, азыр социалдык тармактарсыз жашоо жок. Бул реалдуулук. Адамдар кыска, тез тарама, анча акылды талап кылбаган тексттерге байланды да калды. Бул жагдайды экстремисттик, кылмыштуу...

Рубрикалар

ПИКИР КАЛТЫРЫҢЫЗ

Сураныч, пикир жазыңыз!
Сураныч, бул жерге атыңызды киргизиңиз

Байланыштуу жаңылыктар