Климаттын өзгөрүшү жана экономикалык муктаждыктар, өндүрүш технологияларынын масштабдуу өнүгүшү тоо экосистемасына эбегейсиз таасирин, анын ичинде терс таасирин тийгизүүдө. Бириккен Улуттар Уюму жарыялаган Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер (2023-2027) биздин тоолуктар үчүн реалдуу мүмкүнчүлүк экени айтылган эле. 2027-жылы «Бишкек+25» Глобалдык тоо саммити өтөт. Президент Садыр Жапаров эл аралык трибуналарда да, эки тараптуу жолугушууларда да ушул саммитке чакырып, тоо маселесине дүйнө коомчулугунун көңүлүн буруп келет.
Глобалдык масштабда тоо дипломатиясын жайылтуу тоолук эл үчүн реалдуу өзгөрүүлөргө алып келиши керек. Дал ушул себептен Тоолорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин алкагындагы (2023-2027) кабыл алынган жол картасында (планда) тоолуу аймактарда жаңы ГЭСтерди куруу, тоо тургундарынын саламаттыгын сактоо, санариптик тейлөө, жолдорду модернизациялоо, электр энергиясы, таза суу менен камсыздоо милдеттери камтылган. Практикалык аспектиде аймактарда чакан гидроэнергетиканы жана энергиянын кайра жаралуу булактарын өнүктүрүү аракеттери көрүлүүдө. Мисалы, алыскы аймактарды энергия менен камсыздоону жакшыртуу үчүн бүгүнкү күндө 8 чакан ГЭС курулду. 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылга иш-аракеттер планында Камбарата ГЭС-1 курулушунун кийинки этаптарын ишке ашыруу, Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун бардык компоненттерин ишке ашыруу, Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо, Куланак-2” ГЭСинин курулушун баштоо, Орто-Токой ГЭСин куруу, Казарман ГЭС каскадын куруу, Суусамыр – Көкөмерен ГЭС каскадын куруу, Жогорку Нарын ГЭС каскадын куруу, Сары-Жаз ГЭС каскадын куруу, Чаткал дарыясында ГЭС каскадын куруу сыяктуу ири долбоорлор жана ондогон чакан ГЭСтерди ишке берүү белгиленген.
Санарип инфраструктурага жеткиликтүүлүк кеңейүүдө. Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун маалыматы боюнча, өлкөбүздө деңиз деңгээлинен 1000 метр жана андан жогору бийиктикте жайгашкан 1196 калктуу конуш бар. Анын ичинен 1179 конуш 2G/4G, 2 калктуу конуш 2G технологиялары боюнча байланыш кызматтары менен камсыздалды. Ал эми 15 конушка электр чубалгылары тартыла элек болгондуктан, алардын телекоммуникациялык кызматтарды пайдалануусунда тоскоолдуктар бар. Демек бул багытта аракеттер күчөтүлмөгү абзел. Жолдор модернизацияланууда, транспорттук инфраструктура өнүгүүдө жана «Түндүк» санариптик платформасы аркылуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү жогорулоодо. Мындан тышкары тоолуу райондордун тургундарын таза суу менен камсыздоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Тоо тургундарынын киреше булактарын кеңейтүү маселеси кыргыз өкмөтүнүн ишмердүүлүгүндө башкы орунду ээлейт. Жол картасында туризмди жана жашыл экономиканы өнүктүрүү боюнча иш-чаралар каралган. Ошондой эле тоо продукциясын бренддөө демилгесин илгерилетип келебиз. Биздин максат – тоолордо өндүрүлгөн товарларды сертификациялоо жана бренддөө механизмдерин түзүү. Биздин фермерлер эл аралык рынокторго бал, эт, дары чөптөр жана башка экологиялык таза азыктарын сата алышы керек.
Ошол эле учурда дыйкандарды колдоо жана жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу программалары ишке ашырылууда. Атап айтканда, Азия токой кызматташтык уюмунун колдоосу менен декарбонизациялоого жана калыбына келтирүүгө багытталган асылдуулугу төмөн жерлерге көчөттөрдү отургузуу боюнча долбоор ишке ашырылууда.
Эл аралык уюмдар жана эл аралык финансы институттары менен кызматташуу Глобалдык тоо күн тартибин илгерилетүүдө жана тоолуу аймактарда өнүгүүнүн конкреттүү долбоорлорун ишке ашырууда чечүүчү ролду ойнойт. Президенттин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелованын маалыматы боюнча, Кыргызстан Тоону туруктуу өнүктүрүү, жергиликтүү жамааттарды, фермерлерди колдоо, тоо экосистемаларын коргоо жана жаратылышка багытталган чечимдерди илгерилетүү максатында Дүйнөлүк банк, Европалык кызматташтык жана коопсуздук уюму, Азия өнүктүрүү банкы, Глобалдык экологиялык фонд, БУУнун айыл чарба жана тамак-аш фонду, Азия токой кызматташтык уюму, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Өнүктүрүү программасы жана башка эл аралык уюмдар жана өнөктөштөр менен жигердүү кызматташып жатат. Мисалы, Дүйнөлүк банк менен кызматташтыкта илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө, регионалдык кызматташтыкты чыңдоого жана тоо ландшафттарынын климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун жогорулатууга багытталган аймактык Resilient Landscapes (Resiland) долбоору ишке ашырылууда. Бул программанын алкагында Борбор Азия өлкөлөрүнүн тоо-кен продукциясын илгерилетүү, эл аралык рынокко чыгаруу боюнча долбоор
ишке ашырылууда. Башкача айтканда, тоолуу жамааттардын жашоочуларынын кошумча киреше булактарына жетишүүсүн, ал эми Кыргызстан өзүнүн органикалык тоо продукциясы менен белгилүү болушун камсыздоо үчүн арналган долбоорлор ишке кирди.
Атайы өкүл Динара Кемелова медиага маалымдагандай, АБРдин Жашыл климаттык фонду менен биргелешкен аймактык программасы 10 жылга пландаштырылган долбоор. Ал Борбор Азия, Кавказ жана Пакистан өлкөлөрүндө фермерлердин жана тоолуу аймактардын аялуу калкынын климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусун жана туруктуулугун жогорулатуу үчүн ишке ашырылат. Программанын жалпы каржылоосу болжол менен 3,5 миллиард АКШ долларын түзөт.
Мындан тышкары, жакын арада Италия өкмөтү менен ФАОнун биргелешкен Тоолуу жана Арал аймактары үчүн бизнес-инкубатор жана акселератор долбоорун ишке ашыруу башталат. Анда тоо жамааттарынын ишкерлери үчүн гранттарды берүү жана техникалык колдоолор каралган.
Ошентип, эл аралык кызматташтык конкреттүү долбоорлор түрүндө да, тоолуу региондорду туруктуу өнүктүрүүнү каржылоонун узак мөөнөттүү механизмдерин калыптандырууда да практикалык натыйжаларды берип жатат деп айтууга болот.
Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча 2023–2027-жылдарга карата иш-аракеттердин беш жылдык жол картасын ишке ашырууда региондук жана чет элдик илимий-билим берүү уюмдарынын күч-аракеттерин тоолуу экосистемаларды жана тоолуу жамааттарды изилдөө үчүн бириктирүү талап кылынат. Бул багытта ата мекендик профилдүү илим-изилдөө институттары үчүн тоо маселелери башкы парадигмага айланууга тийиш. Президенттик Администрацияда беш жылдык жол картасы боюнча өткөн соңку кеңешмеде дал ушул жагдайга көңүл бөлүндү.
Бетти даярдаган Сыргак ЭСЕНБЕК,
“Кыргыз Туусу”

